вторник, 21 января 2014 г.

КИРИШҮҮ


Сиз да кошо, бүт адамдар дүйнөгө келээрден мурда эне курсагында узун тогуз айды өткөрүшөт. Адам бул этаптын башында эне курсагында өрчүп баштаган кичинекей бир клетка тобунан гана турат... 22-күнү бир буурчактан (фасольдон) да кичинекей болот. Бир күнү ошол топтун так ортосу жагында кичинекей бир түймөк бир буйрук алып, бир заматта согуп баштайт. Денедеги бүт клеткалар тынч болот, бирок ал тынымсыз кыймылдап, эч токтобойт. Эч качан «бир саамга токтоп эс алуу муктаждыгын» сезбейт. Арадан ондогон жылдар өтүп «токто» деген буйрукту ала турган күнгө чейин. Бул мөөнөт болсо – адамдын өмүрү. Бул кичинекей түймөккө «башта» жана «токто» буйруктарын ким берүүдө?
Сиз эми 3 жумалык болуп эне курсагында жаткан кезиңизде согуп баштаган бул кемчиликсиз насостун, б.а. жүрөктүн өтө маанилүү бир милдети бар. Дененин ичинде кандын айланышын камсыз кылуу; башкача айтканда сизди түзгөн жана сиз сыяктуу «тирүү жандыктар» болгон болжол менен 100 триллион клеткага жашоо берүү; ал клеткалардын дем алып-чыгарышын жана азыктанышын камсыз кылуу, аларды тазалоо, оорулардан айыктыруу жана аларды душмандардан коргоо... Сизди түзгөн клеткаларга, жана натыйжада сизге жашоо берүүчү бул системаны ким курган?
Сизге жашоо берүүчү бул системанын пайда болушу үчүн сиз эмне кылдыңыз? Сиз мындай системага ээ болуу үчүн эч нерсе кылган жоксуз, себеби али дүйнөгө көздөрүңүздү ача электе сиз үчүн даярдалган бир системанын ичинде жашап баштадыңыз. Сиздин денеңиз кемчиликсиз кылып сиз үчүн даярдалды. Мисалы, айланаңызды тунук көрө алышыңыз үчүн кемчиликсиз бир жуп көз жаратылды. 

Сырттагы абага али жолуга элегиңизде, белгилүү аралыктар менен дем алышыңызды камсыздай турган дем алуу системаңыз сиз эне курсагында жаткан кезиңизде эле пайда болду. Ар кандай азыктарды сиңире ала турган бир тамак сиңирүү системасы, сизге гана тиешелүү манжа издери бар манжалар жана колдор, көздөрүңүздү жат заттардан коргой турган көз ирмөөчтөрү менен кирпиктер, жана ушул сыяктуу көптөгөн орган жана өзгөчөлүктөр менен дүйнөгө келдиңиз. Тездик менен бир нерсе жакындап келе жатканда автоматтык түрдө (өзүнөн-өзү) көзүңүздү ирмеп көздөрүңүздү коргой турган рефлекс жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн «коргоо чаралары», сиз эч нерсени биле электе, көрүлдү жана денеңизге жайгаштырылды. Буларга ээ болушуңуз үчүн эч качан сизден бир эмгек талап кылынган жок.
Бул системаларды сиз үчүн Жараткан, эч кемчиликсиз денеңизге жайгаштырган – бул Аллах. Чексиз кудуреттүү Аллах ушул күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдарды бирдей кемчиликсиз системалар менен бирге жаратууда.
Сизге жашоо берген жүрөк жана ал кыймылдаткан кан айлануу системасы да – мына ушул кемчиликсиз системанын бир бөлүгү. Жүрөк насостоп айдаган «кан» аттуу кереметтүү суюктук кыймылдап баштаган учурдан баштап денеңиздеги дээрлик бүт клеткаларга «жашоо» жеткирет. Кан көзүңүздөн бутуңуздун манжаларына чейин ар бир чекитти кыдырган кемчиликсиз бир тармак менен бүт денеңизди каптайт. Сиз чоңойосуз, ал өнүгөт. Сиз ооруйсуз, сизди ал коргойт. Жашашыңыз үчүн клеткаларыңыздын азыктанышын ал камсыз кылат. Денеңизди ал тазалайт. Эң негизгиси, сизди жашата турган кычкылтекти дененин ар бир клеткасына жеткирүү кызматы анын мойнунда. Денеңизде айланган бул суюктук, б.а. кан – өзгөчө бир белек-жакшылык, чоң бир керемет. Келиңиз бул кереметти чогуу карайлы жана ушундайча аны Жараткан Раббибиздин бар экенине жана кудуретине дагы бир жолу күбө бололу.


АКЫЛДУУ ПЛАН (ДОЛБООР), БАШКАЧА АЙТКАНДА, ЖАРАТУУ


Аллах жаратуу үчүн
план түзүүгө муктаж эмес
Бул китепте маал-маалы менен колдонулган «план (долбоор)» сөзүн туура түшүнүү керек. Аллахтын кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратканы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план (долбоор)» түзүүгө муктаж эмес экенин билүү керек. Аллахтын пландап-долбоорлошу менен жаратуусу бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу-таза, жогору.
Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, анын ишке ашышы үчүн «Бол!» деп айтып коюшу гана жетиштүү болот. Аяттарда мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)


Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «БОЛ» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

ТЕҢДЕШСИЗ ЖАШОО СУЮКТУГУ: КАН


Өзүңүздү күзгүдөн бир караңыз. Жүзүңүз менен денеңиздин 2 миллиметр эле астында, өтө чоң бир ылдамдык жана басым менен агып жаткан кызыл суюктуктун бар экенин сезе алып жатасызбы? Миңдеген километрлик кереметтүү бир тамыр тармагынын, канды бир канча метр бийиктикке чачырата алаарлык зор бир күч менен насостоп айдаган жүрөктүн согуп жатканын байкап жатасызбы?
Жок, күзгүдөгү сүрөттөлүшүңүздө бул кереметтүү кыймылдардан эч нерсе сезилбейт. Сиз өтө бейпил өмүрүңүздү улантып жатканда, ал тургай, түнкүсүн уктап жатканыңызда да бул кыймылдар эч токтоосуз улана берет. Жүрөк чоң бир күч менен жана бийик үн менен канды насостойт, кан болсо чоң ылдамдык менен жана катуу үн чыгарып агат. Булардын баарын байкабашыңыздын себеби болсо – сиз үчүн атайын жаратылган жука териңиз. Сизге астындагы бул кереметтүү кыймылдарды жашырып, тартиптүү, сулуу жана бейпил бир көрүнүш тартуулайт.
Кан, жүрөк жана тамыр тармагынан турган жана денеңиздин ичинде өмүрүңүз бою эч кемчиликсиз иштеген бул система «кан айлануу» деп аталат. Кандын айлануу кубулушу – сансыз майда-бараттардан турган теңдешсиз бир жаратылуу (Аллахтын жаратуу) далили.
Кан денеде бир жагынан, ташуучулук, экинчи жагынан көзөмөлчүлүк кылат. Дененин ичинде тынымсыз айланып турат жана ал сапары учурунда дайыма сөзсүз жасай турган бир иш бар:
- Кан денедеги байланыш кызматын дээрлик толугу менен аркалайт.
- Клеткалар жана натыйжана дене энергия ала алышы үчүн керектүү чийки заттар кандын ичинде жеткирилет.
- Дененин температурасын бир кондиционер сыяктуу жөнгө салат. Дене температурабыз кандын урматында дайыма бирдей кармалат.
- Кан айлануу учурунда ичиндеги иммундук мүчөлөр дайыма кызматта болушат. Денеге кириши мүмкүн болгон микропторго каршы дайыма даяр турушат.
- Кан денени азыктандыруу ишин да аркалайт. Азыктар бүт клеткаларга кан аркылуу таратылат.
- Калдыктарды (таштандыларды) жана ууларды чогултуп ташый турган бир канализация системасы катары да кызмат аткарат.
- Кан бир оңдоо (ремонттоо) мүчөсүн да ичинде алып жүрөт. Тамырларда пайда болгон айрык менен жабыркоолор ушул оңдоо мүчөсү тарабынан заматта аныкталып, оңдолот. Ушунчалык ар түрдүү жана өтө керектүү иштерди ийгиликтүү жасаган бул механизм кантип иштейт? Бул система кандай бөлүктөрдөн турат? Бүт бул бөлүктөр менен айлануу тармагын гармониялуу кылган эмне? Кандагы кайсы молекула кайсы кызматты аткарат? Кызматын кантип орундатат жана кантип ишке киришет? Кайдан буйрук алат жана кантип уюштурулат?
Албетте, булардын баары – бир аздан соң жооптору терең карала турган өтө маанилүү суроолор. Жана бул суроолор бизди бүт жашообузду кызыктырган өтө маанилүү бир чындыкка алып барат: денебиз кокустуктар натыйжасында пайда болгон эмес. Эң майда детальдарына чейин пландалган жана өтө кылдаттык менен калыпка салынган бир денебиз бар. Мындай дененин, акыркы 150 жылдан бери илим дүйнөсүнө ар кандай калптар аркылуу өкүмдарлык кылууга аракеттенген дарвинизм айткандай, «кокустуктар» натыйжасында пайда болушу мүмкүн эмес. Биздин пайда болушубуз кокустуктарга таянган бир «эволюция» процесси эмес, бүт майда-бараттары пландалган бир «жаратылуу».
Бул жаратылуунун ээси болсо – биз адамдарды эле эмес, бүт жандыктарды, бүт ааламды, бар болгон бүт нерсени жараткан Улуу Аллах.
Бир аздан соң терең карала турган кан айлануудагы кемчиликсиздиктер – Аллахтын теңдешсиз жаратуу мисалдарынын бирөөсү гана. Бул китепте канды жана аны кыймылдаткан системалардагы майда-бараттарды, ал детальдардагы гармония менен кемчиликсиздикти көз алдыга тартуулап, Аллахтын жаратуу чеберчилигиндеги кемчиликсиздикти көрөбүз. Аллах теңдешсиз жаратаарын бизге жол көрсөтүүчү катары түшүргөн Куранда төмөнкүчө кабар берет:

Асмандарды жана жерди жараткан Аллахтын алардын окшошун жаратууга күчү жетээрин көрбөй жатышабы жана алар үчүн күмөнсүз бир мөөнөт (ажал) белгилеген. Зулумдук кылгандар болсо каапырчылыкта гана өжөрлөнүштү. (Исра Сүрөсү, 99)


ТЕҢДЕШИ ӨНДҮРҮЛӨ АЛБАГАН БИР СУЮКТУК:
КАН

Кан жалпы жашоонун себеби эле эмес, ал ошол эле учурда кыска же узун жашоонун, уктоонун, көрүүнүн, жөндөмдүн, мээнин, күчтүн да себеби. Жашоо үчүн алгачкы жана өлүм үчүн болсо акыркы нерсе.1
 Илимпоздор канга теңдеш боло турган бир суюктукту өндүрүү үчүн көп убактан бери аракет кылып, бирок ийгиликке жете албай келишүүдө.2 Мунун эң негизги себеби – кандын ичиндеги бир-биринен өзгөчө молекулалардын жана алар жасаган процесстердин «сырынын» али толук чечиле элек болушу. Бирок бир чындык бар: кандын сыпаттары толук аныктала алса да, андай өзгөчөлүктөрдөгү молекулаларды өндүрүү жана аларды чогуу иштей турган кылуу илимпоздор үчүн баары бир чоң бир туюк болот. Канды түзгөн мүчөлөрдү бир-бирден анализ кылганда, бул чындыкты жакшыраак түшүнөбүз. Ар бир молекулага атайын белгилүү бир ишти кылуу милдети жүктөлүп, белгилүү калыпта жасалган. Башкача айтканда, тамырлардын ичинде «атайын бир жаратуунун» бар экени анык.
Кан – бир суюктук эмес, негизи денебиздеги сөөк же булчуң кыртыштары сыяктуу бир кыртыш. Бирок, албетте, алардан айырмалуу, себеби сөөк же булчуң кыртыштарын түзгөн клеткалар бир-бирине бекем жабышып турат. Кан да бир кыртыш болгону менен, мындай өзгөчөлүккө ээ эмес. Кан суюктугу ичиндеги клеткалар бир-биринен көз-карандысыз, эркин кыймылдап жүрүшөт. Эритроцит, лейкоцит жана тромбоцит сыяктуу кан клеткалары кан плазмасы ичинде сүзүп жүрүшөт.
Кичине чийилип кеткени үчүн манжаңыздан сызып чыккан бир тамчы кандын ичинде негизи болжол менен 250 миллион эритроцит, 400 миң лейкоцит жана миллиондогон тромбоцит болот. Болгондо да, бул жоон топтун ар бир мүчөсү өтө маанилүү кызматтарды аркалайт.
Ар бир денеде 5 менен 6 литр арасы кан болот. Бул орточо дене салмагынын 7-8%ын түзөт. Кандын жарымы суюктук бөлүктөн, б.а. плазмадан турат. Калган жарымы болсо кандын ичинде ар кандай кызматтарды аркалаган клеткалар же молекулалар. Кандагы клеткалар денедеги кандын көлөмүнүн жарымын түзгөнү менен, катарга тизилгенде 96500 километрлик бир сызык түзө турганчалык көп санда. Бул дүйнөнү эки жолу орогонго жете турганчалык бир узундук.3
Болгондо да, бул клеткалар тынымсыз жаңыланып турушат. Денеде бир күндө 260-400 миллиарддай кан клеткасы өндүрүлөт. Бул чындыгында эбегейсиз чоң бир өндүрүш. Негизги борбор болгон жилик чучугунда жасалган бул өндүрүш «сөңгөк клетка (стволовая клетка)» деп аталган өзгөчө бир клетканын ар түрдүү бөлүнүү жөндөмдөрүнөн көз-каранды. «Сөңгөк клеткага» дене муктаж болгон кан клеткасын өндүрүү милдети жүктөлгөн. Бул клетканын өндүрүшү жана ал аркалаган кызмат болсо чыныгы мааниде таң калтыруучу көрүнүш.

Өзгөчө өндүрүш борбору:
сөңгөк клетка
Жилик чучугунда сөңгөк клетканын белгиленүү процесси өтө таң калыштуу. Жилик чучугунда өндүрүлгөн ар бир он миң клетканын бирөөсү гана сөңгөк клетка касиетине ээ болот. Бул сан кээде жүз миңден бир ыктымалдыкка чейин азайат. Өндүрүлгөн сөңгөк клетка көрүнүшү жагынан башка клеткалардан эч айырмаланбайт. Бирок – негизи бул өтө өзгөчө бир клетка. Анын касиеттери – жашообузду кыйынчылыксыз улантышыбызды камсыз кыла турганчалык кылдат жана өтө маанилүү. Бул өзгөчө клетка эң алгач дененин ичиндеги муктаждыктарды аныктайт, андан соң өзгөчө бөлүнүү жөндөмү урматында муктаждыкка жараша кээде эритроциттерди, кээде болсо иммундук системанын негизги мүчөлөрү болгон лейкоциттерди пайда кылат.4
Эмне үчүн он миң клеткадан бирөөсү гана ушундай бир чечим алат жана ушундай бир жөндөмгө ээ? Сиз денеңизде мындай жөндөмдүү клетканын бар экенин байкабайсыз дагы. Сиз сыяктуу, сизди түзгөн ар бир клетка сыяктуу, бул өзгөчө клетка да Аллах каалаганы үчүн өзгөчө бир бөлүнүү касиетине, дененин муктаждыгын аныктоо жана ар башка клеткаларды пайда кылуу артыкчылыгына ээ. Бул кемчиликсиз уюштуруу жана бул өзгөчө клетканын жөндөмдөрү эч токтобогон кемчиликсиз бир кан айлануунун жүрүшүн камсыздайт. Кан суюктугу дайыма бирдей санда кан клеткасын ташып, сапарын улантат.
Сөңгөк клетка темасындагы эмгектери менен белгилүү Джон Хопкинс университетинин Онкология адиси, профессор Curt Civin бул өзгөчө клеткага төмөнкүдөй аныктама берет:
Ал ар бир клетканын ата-бабасы. (...) Бөлүнө алат жана өзүн көбөйтө алат, өзүн-өзү жаңылай алат же өзүн бир-биринен айырмалуу эки башка клеткага айланта алат. Бутактарга бөлүнгөн бир дарак сыяктуу.5
Аллах сөңгөк клетканы бул маанилүү кызматтарды аткарышы үчүн өзгөчө кылып жараткан. Мисалы, сөңгөк клетка айланасынан алган химиялык жана электрдик сигналдарга карап иш-аракет жасайт. Жабыркаган клеткалар сөңгөк клеткага жөнөткөн химиялык сигналдар аркылуу денеде клетка өндүрүү муктаждыгы пайда болгонун кабар беришет. Сөңгөк клеткада өндүрүлгөн жаңы клеткалар жабыркаган жерди көздөй жолго чыгат жана жабыркаган клеткалардын ордун ээлешет. Ушундай жол менен бир канча жума ичинде бир даана сөңгөк клетка ар кандай типтеги кан клеткаларынын баарын өндүрө алат. Бир кан кетүү натыйжасында жок болгон эритроциттер же бир инфекция натыйжасында өлгөн лейкоциттер, кем да эмес, ашыкча да эмес, керектүү санда жана керектүү убакта жаңыланып денедеги өз орундарына жайгашышат.
Биз жашап жаткан 21-кылымдын ушул күндөрүндө биологдор дагы эле сөңгөк клеткалардын башка клеткалар менен диалог түзүшүн камсыз кылган химиялык тилди түшүнүүгө аракеттенишүүдө.6 Адам денесинде бир даана сөңгөк клетканын көп жолу кайра кайра жасаган бул процесси адамзат үчүн дагы эле чоң бир суроо белгиси болууда.
Бул өндүрүштүн канчалык убакыт аралыгында жасалып турушу керек экени да маанилүү бир суроо. Лейкоциттер бир канча саат гана жашашат. Канга кирген бир бактерияны сиңирип, анан өлүшөт. Тромбоциттердин өмүрү эки жума, эритроциттердики болсо төрт ай. Бүт бул клеткалар тынымсыз жаңыланып турушу керек. Бир жума ичинде жилик чучугуңуз миллиарддаган клетка өндүрүүгө мажбур. Бул өндүрүш болсо бир даана негизги клетканын көзөмөлү жана иш-аракеттери натыйжасында жүрөт.7 Дене ичиндеги үзгүлтүксүз кыймылды жана дененин өтө кылдат түзүлүшүн эске алганыбызда, бир жагынан, кычкылтек ташып, экинчи жагынан, душмандар менен согушуп денени коргогон бул системанын бир даана клетканын көзөмөлүндө болушу, албетте, адамды ойлондурушу керек.

Бир даана клетканын бул өндүрүштүн бүт жоопкерчилигин аркалашы Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигин көрө алуу жагынан өтө маанилүү. Бул сонун мисал ошол эле учурда Аллахтын жаратканын жокко чыгарууга аракеттенген дарвинисттердин сөздөрүнө каршы да четке кагылгыс бир далил болууда.

Булактар:

1- William Harrey, The Human Body: An Intelligent Design, Alan L. Gillen, Frank J. Sherwin III, Alan C. Knowies, Creation Research Society Books, Number 8, sf. 120
2- Bilim ve Teknik Dergisi, Şubat 1998, sayı 363, sf. 67
3- http://hes.ucf.k12.pa.us/gclaypo/circulatorysys.html
4- Bilim ve Teknik, Tübitak Yayınları, Şubat 1998, sayı 363, sf. 63
5- John Hopkins Magazine, June 1996 - http://www.jhu.edu/~jhumag/696web/stemcell.html
6- http://www.chicagotribune.com/technology/local/chi-0109040232sep04,0,1412918.story
7- John Hopkins Magazine, June 1996  http://www.jhu.edu/~jhumag/696web/stemcell.html

КАНДЫН КЫЗЫЛ ТҮСҮ: ЭРИТРОЦИТТЕР


Кызыл кан клеткалары, б.а. эритроциттер – канда эң көп кездешкен клеткалар. Кызматы болсо – клеткалар жашашы үчүн эң керектүү болгон материалды, б.а. кычкылтекти ташуу. Муну менен эле чектелбей, денени тазалоо үчүн клеткаларда чогулган көмүр кычкыл газын да жүрөккө кайра жиберишет.
Бир тамчы кандын 99%ын кызыл кан клеткалары, б.а. эритроциттер түзөт. Денебизде болжол менен 25 триллион кызыл кан клеткасы (эритроцит) бар. Бул сан Саманчынын жолу галактикасындагы жылдыздардын санынан жүздөгөн эсе чоң.8 Денеде айланып жүргөн эритроциттердин бир футбол талаасын оңой гана толтура алаарын билүү бул чоңдукту түшүнүүгө, албетте, жардамчы болот.9 Бир-бирине катары менен уланышты деп элестеткенибизде, бул клеткалар 47000 километрлик бир мунараны түзө алышат.10 Жана денебиздеги эритроциттерди бир килемдей жерге төшөө мүмкүнчүлүгүбүз болгондо, бул клеткалардын 3800 км2тык бир аймакты ээлегенин көрмөкпүз. Бул болсо болжол менен төрт гектарлык бир аянтка барабар.11 Денедеги эритроциттердин саны ушунчалык көп болгондуктан, өлгөндөрдүн ордун ээлеши үчүн секундасына 3 миллиондой жаңы эритроцит клеткасы канга аралашат.12
Эритроциттер денедеги эң чоң жиликтердин губка сыяктуу кыртыштарында, б.а. чучуктарында жайгашкан сөңгөк клеткалар тарабынан өндүрүлүшөт. Бир даана эритроцит клеткасы 4 айлык өмүрүн аяктап, жилик чучугуна кайра кайтканга чейин өпкө менен башка дене кыртыштары арасында 75000 толук цикл жасайт. Сиз бул бетти барактаганга чейин денеңиздеги болжол менен 3 миллион кызыл кан клеткаңызды жоготосуз. Бирок ошол эле учурда жилик чучугуңузда сиз үчүн ошончо санда жаңы эритроцит алда качан өндүрүлгөн болот.13
Бул тең салмактуулук өтө маанилүү. Өмүрү бүткөн кан клеткаларынын орду сөзсүз жаңылары менен толукталат. Жилик чучугу эч тынымсыз өндүрүш жасап турат. Алган химиялык сигнал натыйжасында катуу ишке киришет. Муктаждык толукталганда болсо ишин токтотот.
Муну камсыздаган химиялык байланыш өтө татаал. Клеткалар денеде жүздөгөн түрдүү молекула аркылуу байланыш түзүшөт. Сөңгөк клеткага жетиши керек болгон кабар бир белок менен пакеттелип жөнөтүлөт. Максат клетка келген сигналды таануу үчүн бир белок рецепторун чыгарат. Ал рецептор химиялык сигналды алып келген белокко туташканда, маалымат максат клеткага жетет.
Бир канча сүйлөм менен түшүндүрүлгөн бул процесстин негизи өтө комплекстүү детальдары бар. Илимпоздор учурда дагы эле бул сигналдашуу системасынын сырларын чечүүгө аракет кылышууда. Сөңгөк клеткалардын өндүргөн клеткаларды дененин муктаж болгон бөлүктөрүнө кайсы чечим менен жөнөтөөрү болсо бүгүнкү күндүн эң негизги изилдөө темаларынын бири болууда.14 Денебиздеги бул системанын адамзат сырын чече албаган бир комплекстүүлүктө болушу – анын бийик акыл менен жаратылганын көрсөткөн апачык далилдердин бири.
Денеде секунда сайын керектүү санда эритроциттин өндүрүлүшү жана жаңы клеткалардын муктаждык болгон чекитти көздөй эч күмөн санабастан багыт алышы кандайча болууда? Дененин бир жеринде, жилик чучугунда жайгашкан бир даана көз-карандысыз клетканын дененин калган тарабында болуп жаткандардан кабардар болушу, албетте, мүмкүн эмес. Ал үчүн жаратылган сигналдашуу системасы болсо мүмкүн болгон эң кемчиликсиз байланыш тармагы болуп саналат. Бул кемчиликсиз түзүлүш – албетте, денеде болуп жаткан бүт процесстерди эң майда детальдарына чейин билген, аларды жаратып, курган Аллахтын чыгармасы.
Эритроциттер – өтө кичинекей клеткалар. Мунун себеби: бул клеткалар канга аралашаардан мурда өзүнүн ядросун, митохондриясын, рибосомасын жана башка органеллдерин сыртка чыгарып салышат. Эритроциттер муну атайын билип туруп жасагандай; себеби өз ичине алдыда терең карала турган кереметтүү бир молекула болгон «гемоглобинди» киргизиши керек. Эритроциттер органеллдердин көпчүлүгүн сыртка чыгарып таштап, гемоглобинди ичтерине киргизип, бул молекуланын болжол менен 4 айлык өмүрүндө коопсуз бир абалда өз кызматын аткарышын камсыздашат. Эритроциттердин клетка мембранасы кадимки шарттарда бир клетка мембранасы (кабыкчасы) болбогон жана коркунучтарга карата өтө коргоосуз болгон гемоглобин үчүн өтө маанилүү бир тон (кийим) болот. Гемоглобин бул коргоочу катмардын ар кандай ферменттери урматында кандын ичинде бузулуудан да корголот.15
Эритроциттер өз ичинде гемоглобин үчүн өтө кенен бир орун даярдашы керек. Себеби бир даана эритроцит клеткасынын ичине 300 миллион гемоглобин жайгашат.16 300 миллион гемоглобин молекуласы бир эритроциттин 90%ын ээлейт. Канда ядролорунан ажыраган клеткалар эритроциттер гана. Алар сыртка чыгарып салган органеллдер болсо дененин тазалагычтары болгон лейкоциттер тарабынан заматта жок кылынышат. Таң калыштуусу, эритроциттер бүт маалыматтарын алып жүрчү бир ядродон ажыраганына карабастан, 120 күндүк жашоосун эч көйгөйсүз улантышы үчүн керектүү болгон фермент менен белокторду сактап калышат. 4 ай бою алар үчүн алынган бул өзгөчө чара урматында жашай алышат. Бирок эми бөлүнө албаган, жана натыйжада көбөйө албаган бир «идиш (алып жүргүч)» кызматын аткарышат.
Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, адам денесин түзгөн системалар эң майда детальдарына чейин өтө комплекстүү. Бул китепте кан жана аны кыймылдаткан системалар жөнүндө көп санда таң калыштуу жана «акылдуу пландалган» детальдарды көрөсүз. Бир эритроцит клеткасынын өзүнүн ичиндеги органеллдерди сыртка чыгарып салышы, өзү жөнүндө бүт маалыматтарды камтыган –натыйжада «өмүрүн улантышы» үчүн сөзсүз болушу керек болгон- ядросун курмандыкка чалышы жана өмүрүн белгилүү бир убакытка созуу үчүн керектүү ырыскысын гана алып калышы – бул акылдуу детальдардын бир канчасы гана. Булардын баарын жасай алуу үчүн эритроцит кыска өмүрүндө керектүү жана керексиз органеллдерди таанышы, гемоглобинди ичине киргизиши керек экенин билиши жана эң негизгиси гемоглобиндин адам өмүрү үчүн канчалык маанилүүлүгүн билиши зарыл. Эгер бул детальдардын бирөөсү эле жасалбаса, мисалы эритроцит ичине гемоглобин киргизе албаса, денеге кычкылтек таратыла албайт.

Эритроциттин «өзүн-өзү өлтүрүшү» деген мааниге келген мындай кыймыл-аракетинин Дарвиндин эволюция теориясына маанилүү бир сокку урганына да көңүл буруу керек. Дарвинизм «бүт жандыктар өз урпагын улантуу үчүн согушат» деген гипотезага таянат. Дарвинизмдин бүгүнкү күндөгү жактоочуларынын бири болгон Ричард Доукинс бул жашоо күрөшүн гендерге түшүрүп, ар бир жандык «гендерин сактап калуу үчүн» күрөшөт деп айтууда. Бир жандуу клетка болгон эритроцит болсо ядросун жана натыйжада гендерин таштап, бул гипотезага толугу менен карама-каршы иш-аракет жасап, өзүн-өзү курмандыкка чалууда. Себеби дарвинизм айткандай, «жашоо күрөшү» учурунда кокустан пайда болгон эмес, атайын бир кызмат үчүн жаратылган.
Өмүрүбүз бою бул система такыр бузулбайт. Бүт нерсени кемчиликсиз жараткан Аллах бул өзгөчө клетканы да сансыз жаратуу далилдеринин бирөөсү кылып жараткан. Куранда Аллахтын бүт нерсени башкарып тураары төмөнкүдөй кабар берилет:


«Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо).» (Худ Сүрөсү, 56)

Булактар:

8- Seymour Simon, The Heart "Our Circulatory System", First Mullberry Edition, 1999, sf. 9
9- Bilim ve Teknik Dergisi, Şubat 1998, sayı 363, sf. 61
10- Seymour Simon, The Heart "Our Circulatory System", First Mullberry Edition, 1999, sf. 9
11- Hacettepe Üniversitesi Tıp Fakültesi Öğretim Üyesi Prof. Dr. Alparslan ÖZYAZICI; http://www.diyanet.gov.tr/DIYANET/nisan2001/dinsaglik.htm
12- Seymour Simon, The Heart "Our Circulatory System", First Mullberry Edition, 1999, sf. 9
13- The Incredible Machine, National Geographic Society,   sf.100
14- http://www.ri.bbsrc.ac.uk/library/research/cloning/glossary.html
15- http://garildi.cumhuriyet.com.tr/cgi-bin/sayfa.cgi?w+30+/cubilim/9810/24/t/ b0703.html+hemoglobin
16-http://www.nsbri.org/HumanPhysSpace/focus3/bloodcomponents.html

ЭРИТРОЦИТТЕРДИН ТЕГИЗ ФОРМАСЫ


Эритроциттердин ташуу иши – катардагы жөнөкөй бир процесс эмес. Башка эч бир клетка кычкылтек ташый албайт. Өзгөчө формалары менен эритроциттер бул өзгөчө кызмат үчүн жаратылган клеткалар болуп саналат.  Эритроциттер тегиз, тоголок жана эки тарабы жалпак формасы менен укмуштуу бир «жаратуу керемети».
Эритроциттин кычкылтек ташышын камсыз кылган көп факторлор бар жана ал факторлордун баары керек. Алардын бири – формаларынын тегиз болушу. Андай тегиз формасы бетинин аймагын чоңойтуп, кычкылтекке тийишин жеңилдетет жана ошондой эле кычкылтекти керектүү учурда керектүү жерге кыйынчылыксыз таштай алышына шарт түзөт. Эритроцит мындай формасы урматында кадимки бир клетка формасындагы кезде ала алаарынан алда канча көп кычкылтек атомун ала алат жана муктаждык болгон кыртыштарга аны эч кыйынчылыксыз жеткире алат.
Эритроциттердин тегиз (жалпак) формасы бул клеткалардын тамырлардан кыйынчылыксыз өтүшү үчүн да маанилүү. Жогоруда айтылгандай, эритроциттер – тамырлар ичинде жүргөн эң кичинекей клеткалар. Кычкылтектин дененин бүт тарабына жеткирилиши үчүн бул көлөм өтө маанилүү. Бирок кээде эритроциттер өтө кичинекей көлөмдөгү капиллярларга жолугат. Кээде болжол менен 5 микрометрдей ичке болгон ал тамырлар радиусу 7-8 микрометр болгон эритроциттер үчүн кыйын туннельдер болот.17 Эритроциттер бул туннельдерден өтүшү керек, себеби капиллярлар, кийинчерээк терең карала тургандай, азыктар менен кычкылтектин бүт кыртыштарга жетишин камсыз кылган өтө маанилүү кан тамырлары болуп саналат. Эритроциттердин ал тамырларга батпай турганчалык чоң болушу кадимки шарттарда өтө чоң маселе жаратышы керек. Бирок эритроциттер алар үчүн атайын белгиленген кереметтүү жаратуунун натыйжасында мындай маселеге туш болушпайт: алар ийкемдүү болушат. Дээрлик ар кандай формага кире алчу бир баштык сыяктуу болушат. Формасынын мынчалык оңой өзгөрүшүнүн себеби – эритроциттердин ичинде алып жүргөн заттардын санына салыштырмалуу өтө кенен бир клетка мембранасына ээ болушу. Натыйжада клетка кыймылы оор болгон аймактарга кирсе да, клетка мембранасы чоюлбайт жана башка клеткалардыкы сыяктуу айрылбайт.18 Бул өтө чоң бир артыкчылык. Ийкемдүүлүгү менен формасын өзгөртө алган бул клеткалар диаметри алардан тар болгон тамырлардан ушундай жол менен өтө алышат.
Бул артыкчылык ошол эле учурда өтө өзгөчө бир жагдай, албетте. Аллах гемоглобин менен эритроцит сыяктуу эки башка түзүлүштү бир-бирине төп келе турган кылып жараткан жана аларды чогуу иш-аракет жүргүзө турган өзгөчөлүктөр менен жабдыган. Эритроциттин тегиз формасы кемчиликсиз бир жаратуу мисалы экендигинин өтө маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Албетте, Аллах эритроциттин көлөмүн капиллярларга төп келе турган кылып жаратууга да Кудуреттүү. Бирок учурдагы түзүлүш адам денеси үчүн мүмкүн болгон эң идеалдуу чоңдуктарда. Бул бүт нерсенин затын, өмүр бою башынан өткөрө турган абалдарын белгилеп, аныктаган жана ошого жараша жараткан, аларды жоктон бар кылган Улуу Аллахтын чыгармасы.
Бул кереметтүү жаратуунун маанисин жакшыраак түшүнүү үчүн бул түзүлүштө келип чыккан бир маселенин кандай натыйжаларга алып барышы мүмкүн экенине токтолуу туура болот. Эгер эритроциттин формасында же ийкемдүүлүгүндө кандайдыр бир маселе келип чыкса, бул кыртыштарга кычкылтек менен азыктын жете албашы, б.а. ал кыртыштын өлүмү деген мааниге келет. Эритроциттер жете албаган кыртыштар болсо өлүмгө туш болот.
Тегиз (жалпак) форманын маанисин түшүнө алуу үчүн өтө маанилүү бир оору болгон «орок клетка анемиясын» кароо керек. Бул оору эритроциттердин формасынын бузулушу натыйжасында келип чыккан бир оору.
Клеткалар «гемоглобин S» деп аталган анормалдуу бир гемоглобин тибин камтышат. Бул гемоглобин кычкылтексиз калган кездерде эритроцит ичинде узун кристаллдар абалында чөгөт жана эритроциттин формасын бир орокко окшош кылып койот. Эритроциттин өзгөргөн мындай формасы жетиштүү санда кычкылтектин жеткириле албашына себеп болот жана белгилүү убактан соң эритроцит массасы азайып баштайт. Мындан тышкары, формасы өзгөргөн клеткалар тамырлардын ичинде чогулуп тыгындалууга себеп болушат. Клетканы орок формасына алып келген кристалл түзүлүштүн ичке учу болсо кээде клетка мембранасынын айрылышына себеп болот.19
Оорунун натыйжалары болсо өтө олуттуу. Сөөктөрдө, булчуңдарда же карында көп күнгө же көп жумага созулган күчтүү оору менен кризистер келип чыгат. Эритроциттер тар көз торчосу тамырларына жете албагандыктан, көрүүнүн начарлашы, ал тургай, сокурдук келип чыгат. Боордогу функциянын бузулушу сарык оорусуна себеп болушу мүмкүн. Жаш балдарда чоңойуу кечигет. Дене инфекцияларга ачык болуп калат. Жана андан да маанилүүсү мээдеги кичинекей кан тамырлардын тыгыны себебинен мээнин кээ бир бөлүктөрү жабыркашы мүмкүн. Кээде бул шалга (паралич) алып барышы мүмкүн.
Бул оору бир канча саат ичинде эле өтө кооптуу масштабга жетиши мүмкүн. Орок клетка анемиясына жаш кезинде кабылгандар оору өлүмгө алып барбашы үчүн өмүр бою дарыланууга мажбур болушат. Жана кайра эске салалы; мунун жалгыз себеби эритроцит клеткаларынын формасынын бузулушу.
Бул маанилүү оору жөнүндө балким эң таң калыштуу көз-караш болсо эволюционисттерден келет. Эволюционисттер үчүн бул оору эволюция процессине бир «далил» болот!

  
Орок клетка анемиясы оорусу
жөнүндө эволюционист жаңылыштыктар

Эволюция теориясы жандыктардын келип чыгышын эки табигый механизмге таяндырат: табигый тандалуу жана мутация. Бул механизмдер арасынан эволюционисттер жаңы биологиялык түрлөрдү пайда кылат деп күткөнү болсо – бул мутация. Теория боюнча, мутациялардын жок дегенде бир бөлүгү «пайдалуу» болушу керек, б.а. жандыктарга жаңы генетикалык маалыматтарды кошуп, аларга мурда болбогон органдарды, биохимиялык түзүлүштөрдү кошушу керек. Бул «пайдалуу» өзгөчөлүктөр болсо табигый тандалуу тарабынан тандалат жана ошентип эволюция ишке ашат.
Бул ойдон чыгарылган бир сценарий гана. Себеби бул теориянын эң негизги көйгөйү – иш жүзүндө эч бир «пайдалуу мутациянын» болбошу. Генетика илими өнүккөндөн бери дарвинист биологдор көз-караштарын тастыктай турган бир мутация мисалын байкоо үчүн көп аракеттерди жасашты. Бирок алар байкаган, изилдеген, эксперименттерди жасаган бүт мутация мисалдары жандыкты алдыга жылдыруу мындай турсун, ага зыян тийгизип, кээде жандыктын өлүмүнө себеп болгон, эң жакшы учурда болсо эч таасир тийгизген эмес. Дарвинисттер ушунча ийгиликсиз эксперименттерге карабастан, дагы эле пикирлерин өзгөртүшкөн жок. Мутациялар пайда алып келет жана жандыктарга жаңы пайдалуу өзгөчөлүктөр кошо алат деген ишенимдеринен кайтпай келишүүдө.
Бул ишенимдерин сактап калуу үчүн болсо өтө олуттуу, ал тургай, өлүмгө себеп болчу бир оору болгон «орок клетка анемиясын» «пайдалуу мутация» мисалы дегенге чейин барышууда. Бул ооруда гемоглобиндин формасынын бузулушуна себеп болгон фактор – бир мутация. Мутация гемоглобиндин кычкылтек ташуу жөндөмүнө зыян тийгизүүдө. Ушул себептен, кычкылтек денедеги маанилүү кээ бир клеткаларга жеткириле албай калып, мурдакы бөлүмдө айтылгандай, олуттуу ооруларга себеп болууда. Бул оору, ал тургай, өлүмгө чейин алып барышы мүмкүн.
Бирок мындай системанын бузулушуна себеп болгон мутация мисалынын кээ бир эволюционист биологдор тарабынан «пайдалуу мутация» деп көрсөтүлүшү өтө кызык. (Жогорку класстарда окутулган биология китептеринде да бул туура эмес маалыматтын окутулганын кезиктирүүгө болот.) Мындай көз-караштын таянычы болсо – бул гемоглобин молекуласында келип чыккан мындай мутациянын башка бир оору безгекке (малярия) каршы коргоону пайда кылышы. Орок клетка анемиясы менен ооруган кишилер генетикалык жактан энеден да, атадан да мутацияга кабылган эки даана орок клетка генин алышат. Энеден же атадан бир даана эле мутацияга кабылган ген алгандар болсо ооруну алып жүрүүчү болушат. Мындай кишилерде оорунун белгилери өтө күчтүү болбойт. Бирок ал кишилердин бир даана мутацияга кабылган генди алып жүрүшү аларды безгек оорусунан коргойт.

Безгек вирусу формасы тегерек болгон ден-соолугу чың кан клеткаларына чабуул койот. Ушул себептен, орок сыяктуу болуп формасы өзгөрүп калган кан клеткаларына чабуул жасабайт. Ошондуктан безгек вирусу мындай кишилердин денесине кирсе да, вирус ооруга себеп болбойт.20
Эволюционисттер мутацияга кабылган бул клетканын адам денесин безгек оорусуна карата чыдамкай кылышын бир пайда деп кабыл алышат жана буга себеп болгон мутацияны болсо пайдалуу мутация мисалы дешет. Бирок денеде олуттуу, ал тургай, өлүмгө себеп болчу ооруларга жол ачкан, денедеги кээ бир орган менен кыртыштардын азыктана албашына, жана натыйжада өлүмүнө себеп болгон, кийинки урпактарга да өтүп тараган бул мутациянын адамга берген чоң зыяндары бар. Бирок эволюционисттер бул чындыктардын баарын көрмөксөн болуп, оорунун безгекке карата чектелүү бир коргоосун эволюциянын бир «белеги» дешүүдө. Албетте, бул өтө тантык бир көз-караш (жоромол). Мындай логика менен карасак, тубаса сокур кишилер машина айдашпайт жана ушул себептен жол кырсыгынан өлүү риски азайат деп айтканга да болот. Ал тургай, акылга сыйбас бул логика боюнча, сокур болуп төрөлүүнү генетикалык бир «белек» деп да кабыл алууга болот. Мындай жоромол канчалык акылсыздык болсо, эволюционисттердин орок клетка анемиясы жөнүндөгү «пайдалуу мутация» жоромолдору да ошончолук акылсыздык.
Brown университети биология профессору Дэвид М. Ментон (David M. Menton) бул «пайдалуу» мутация жөнүндө мындай дейт:
«Кан гемоглобининде келип чыккан бул мутация «пайдалуу» деп кабыл алынат, себеби мындай мутациясы барлар (жана тирүү калгандар!) безгек оорусуна чыдамкайыраак болушат. Бул «пайдалуу» мутациянын өзгөчөлүктөрү болсо төмөнкүлөр: карын жана муундардын сыздап оорушу, буттарда жаралар, бузулууга дуушар болгон кызыл кан клеткалары жана мунун натыйжасында кээде өлүмгө алып барышы мүмкүн болгон ашыкча кандын аздыгы. Бул жерден «жаман» мутациялардын эмнеге окшошоорун бир ойлоп көрүңүз! Мутациялар темасында Нобель сыйлыгынын ээси Г.Дж. Мёллер (H. J. Mueller) мындай дейт: «Мутациялардын табияты жөнүндө жасалган эксперименттер көрсөткөндөй, булардын көпчүлүгү жашоосун улантуу жана көбөйүү функциясында организмге зыяндуу. Жакшылар болсо өтө сейрек кездешет, ушул себептен баарын зыяндуу деп кабыл алууга болот».»21
Эволюционисттердин бул пикири жөнүндө дагы бир жагдайга көңүл буруу керек. Оорудан көп таасирленбеген ооруну алып жүрүүчү кишилер көп жашаган аймак – безгек оорусу риски да өтө жогору болгон бир аймак, б.а. Африка. Мунун мааниси мындай: бир адамдын «пайдалуу» бир мутация натыйжасында орок клетка анемиясын алып жүрүшү ага негизи жабыркаган генди балдарына өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берген. Бул гендин ушундай жол менен жайылышы болсо келечек урпактардын энеден да, атадан да жабыркаган генди алуу ыктымалдыгын жогорулатат. Энеден да, атадан да алынган эки жабыркаган ген болсо баланын сөзсүз түрдө же орок клетка анемиясына кабылышы же безгек оорусуна карата иммунитетинин болбошу деген мааниге келет.
Гемоглобиндин ичиндеги 287 аминокислотанын арасынан бир даанасынын эле өзгөрүүгө дуушар болушу натыйжасында келип чыккан бул оору муну менен ооруган кишилердин 25%ынын өлүмүнө себеп болууда.22
Орок клетка анемиясы темасында дүйнөгө белгилүү ысымдардан саналган The Sickle Cell Disease Patient (Орок клетка анемиясы оорусу) китебинин автору доктор Felix Konotey-Ahulu бул жөнүндө мындай дейт:
«Безгекке карата чыдамкай болушуңуз гендериңизди кийинки урпактарга өткөргөнгө чейин жашай алаарыңызды көрсөтөт. Бирок келип чыккан нерсе зыяндуу, тандалган нерсенин комплекстүүлүгүн өстүрүүчү же аны өнүктүрүүчү бир таасири жок. Жана коомдо көбүрөөк оору алып жүрүүчүлөрдүн болушу көбүрөөк кишинин бул коркунучтуу ооруга чалдыгышы деген мааниге келет.»23

Эволюционисттердин бүт жандыктардын пайда болушунун эң негизги механизмдеринин бири деп кабыл алган мутациялар темасында маанилүү бир парадокско туш болгону апачык көрүнүп турат. Адам урпактарына зыяны апачык көрүнүп турган бир генетикалык ооруну эволюцияга далил катары көрсөтүшү түпкүрүндө теориянын пайдубалынын канчалык алсыз экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Көрүнүп тургандай, толугу менен кыйраган бир теория фанаттык тараптарлары тарабынан сактап калууга аракет кылынууда. Бирок мындай аракеттер дарвинисттерди уят кылуу менен гана чектелүүдө.

Булактар:

17- Bilim ve Teknik, Tübitak Yayınları, Şubat 1998, Sayı 363, sf. 62
18- Arthur C. Guyton, Tıbbi Fizyoloji, Cilt 1, 7. Basım, Nobel Tıp Kitabevi, sf. 59
19- Arthur C. Guyton, Tıbbi Fizyoloji, Cilt 1, 7. Basım, Nobel Tıp Kitabevi, sf. 65
20- http://www.csu.edu.au/learning/ncgr/gpi/odyssey/hemo/evol.html
21- Bulletin of Atomic Sciences 11:331; http://www.gennet.org/facts/metro09.html
22- Luther D. Sunderland, Darwin's Enigma, Master Book Publishers, California, sf.137
23- http://www.answersingenesis.org/home/area/Magazines/docs/v16n2_sickle_cell.asp

КЕРЕМЕТТҮҮ БИР МОЛЕКУЛА: ГЕМОГЛОБИН


Көп учурда денеңизде сиздин жашашыңыз үчүн өтө көп аракеттер жасалып жатканын байкабайсыз. Сиз иштеп, чарчап, уктап, тамак жеп же спорт менен машыгып жатканыңызда, ичиңиздеги өтө ылдам иш-аракеттер эч токтобостон уланат. Сизди жашатыш үчүн программаланган молекулалар сизге байкатпастан, ката кетирбестен, тажабастан, эс албастан кызмат кылышат.
Канга кызыл түсүн берген гемоглобин адам денесин түзгөн сансыз молекулалардын бирөөсү гана. Кызматы болсо өтө маанилүү: дененин ар бир клеткасынын жашашын ушул молекула камсыз кылат. Дененин жашашын камсыздаган кычкылтек ушул молекула аркылуу таратылып, денеден чыгарылышы керек болгон көмүр кычкыл газы ушул молекула менен топтолот. Жашаш үчүн дем алып-чыгарышыбыз эле жетиштүү болбойт. Денеде секундалар ичинде болуп өткөн бир кыймыл менен киргизилген кычкылтек болжол менен 100 триллион клеткага бир-бирден таратылып, сыртка чыгарыла турган көмүр кычкыл газы болсо бир-бирден чогултулушу керек. Тирүү калышыбыз толугу менен комплекстүү ушул микро системанын иш-аракетинен көз-каранды. Дүйнө жүзүндөгү эч бир илимий изилдөө гемоглобиндей кычкылтек ташый алган бир механизмди иштеп чыга алган жок.
Гемоглобин – өзгөчө касиеттери бар, укмуш комплекстүү бир молекула. Бул комплекстүү молекула да, бүт өзгөчөлүктөрү менен, бүт нерсени билүүчү, баарына кудуреттүү, Хайй (тирүү) Аллахтын бир керемети. Бул улуу кереметтин өзгөчөлүктөрүн изилдеп жатканда, Аллахтын бир-биринен кереметтүү нерселер жаратууга кудуреттүү экенин жана аларды ар бир адамда кемчиликсиз кылып жаратканын дайыма эсте тутуу керек. Бул чындыкты көрүү – Аллахка шүгүр кылып, Аны мактап-даңктоонун эң негизги жолдорунун бири. Аллах бир аятта мындай деп билдирет:

Ал – Хайй (тирүү) туруучу. Андан башка кудай (илах) жок; демек динди бир гана Ага калыс кылгандардан болуп Ага дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор (хамд) болсун. (Момун Сүрөсү, 65)


Кереметтүү молекула кычкылтек ташыйт
Илимпоздор гемоглобинди ар кандай иштерди бир учурда жасай алганы үчүн «кереметтүү бир молекула» деп аташат. Гемоглобин өпкөлөрдөгү капиллярлардан өтүп баратып, айланасындагы миллиондогон молекула арасынан кычкылтекти тандайт. Ыкмасы болсо – өтө акылдуу жана ушунчалык таң калыштуу. Гемоглобин кычкылтек атомдорун өзгөчө бир ыкмасы менен «кармап алат». Бирок бул процесс өтө кылдат жасалышы керек, себеби кычкылтек кошулган молекулаларын кычкылдантуу өзгөчөлүгүнө ээ. Кычкылдануу болсо ал молекуланын бүт функцияларынан ажырашына себеп болчу бир уулануу түрү болуп саналат.
Гемоглобин кычкылтек себеп болчу мындай коркунучка каршы Аллах жараткан кемчиликсиз бир система менен пайда кылынган: гемоглобин кычкылтекти ташыганда аны менен толук бирикпейт, кычкылтекти бир кычкач менен кармагандай бир учунан кармап, жеткире турган жерине чейин ошол абалда алып барат. Бул, албетте, өтө сак (этияттуу) бир ыкма. Улуу Аллах кычкылтектин кычкылдантуу касиети менен бул маанилүү сактык чарасын чогуу жараткан. Албетте, мындай төп келүүчүлүктү стереотипсиз, таза акыл менен карагандар мындагы кереметти апачык көрө алышат. Гемоглобиндин кычкылтектин кооптуу экенин көрүп, ага жараша сактык чарасын көрүү, кылып көрүп жаңылып отуруп аягында бир система иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Баарынан мурда бул жерде сөз болуп жаткан нерсе – бир молекула гана. Бул маанилүү сактык чарасы, толугу менен, гемоглобин алгач пайда болгон кезде, гемоглобин менен бирге жаратылган. Гемоглобиндин кычкылтекти кармашына шарт түзгөн биохимиялык детальдар болсо мындай механизмдин кокустуктар натыйжасында пайда боло албашын апачык көрсөтөт.

Гемоглобин молекуласында төрт чынжырдан турган глобин деп аталган бир белок бар. Ар бир глобин «гемо тобу» деп аталган башка бир молекулага туташат. Гемо топтору кычкылтектин гемоглобинге туташышында өтө маанилүү болот. Гемо топторунун ар биринде бирден темир иону болот. Башкача айтканда, төрт гемо тобунун төрт темир иону болот. Негизи өпкөлөрдөгү кычкылтекти өзүнө жабыштырган жана аны кыртыштарда эркин койо берген нерсе дайыма ушул темир иондору болот. Бирок глобиндин да бул процессте өтө маанилүү бир ролу бар. Глобиндин формасын, бир аздан соң карала тургандай, маанилүү бир көзөмөл механизми жана теңдешсиз бир жаратуу керемети десек болот. Болгондо да, бул молекуланын аминокислота тизмегинин кичине эле өзгөрүшү гемоглобиндин кычкылтек ташуу жөндөмүн толугу менен өзгөртүүдө.
Кандын өзгөчөлүктөрүн карап баштаганда, ар бир детальдын бир-биринен айырмалуу жана комплекстүү детальдарды камтыганын айткан элек. Системанын майда бөлүктөрүнө түшкөн сайын комплекстүүлүктүн андан да өсөөрүн айткан элек. Аллахтын мындай детальдар менен комплекстүүлүктөрдү жаратышы жана система иштеши үчүн булардын сөзсүз болушу керек экени жаратылууну (Жараткандын бар экенин) кабыл алгысы келбегендерди туюкка такайт. Мындай мисалдар Аллахка ыйман кылгандардын болсо ыймандарын күчтөндүрөт. Бул китепте каралган терең илимий маалыматтардын баары бул комплекстүүлүктү жакшыраак көз алдыга тартуулаганы үчүн, атеисттерди көбүрөөк күмөнгө салып, ыймандуулардын болсо ишеними менен чечкиндүүлүгүнүн өсүшүнө себепчи болууда.
Системанын детальдарын изилдөөнү андан ары улантканыбызда глобиндин темирдин кычкылтекти алышын көзөмөлдөөчү атайын бир формага ээ экенин көрөбүз. Гемоглобиндин молекуласындагы төрт гемо кадимки шарттарда бир-бирине параллелдүү, глобин молекуласына болсо тик (вертикалдуу) жайгашат. Бирок гемо топтору аларга кычкылтек жабышканда, мындай параллелдүүлүк жоголот. Параллелдүүлүктүн жоголушуна гемо топторунун бир-биринен өтө алысташы себеп болот. Өзүнө кычкылтек атомун жабыштырган гемо топторунун бирөөсү кычкылтек ага уланган соң ушунчалык кыйшайып, бүгүлүп, өзүнөн кийин турган топтун да кыйшайышына себеп болот. Натыйжада экинчи гемо оңойураак кычкылтек жабыштыра алат жана бул процесс учурунда темирлер арасында бир кычкылтек көпүрөсүнүн пайда болушунун алды алынат. Эгер гемолордун бир-бирине параллелдүүлүгү себебинен кычкылтек атомдору арасында көпүрөлөр түзүлгөндө, эки баалуу гемоглобин молекуласы кычкылданып бузулмак.24
Муну бир чыбыкка асылып коюлган төрт магнитке салыштырууга болот. Магниттер бирдей уюлда болгондуктан, бир-бирин түртөт. Бир-бирине жакындаган ар бир магнит бөлүгү экинчисин түрткөндүктөн, бир-биринен алыстаганга аракет кылган жана ушул себептен тынымсыз кыймылдаган магниттерди көрөбүз. Темир иондору да кычкылтекке уланганда, бир уюлдуу магниттер сыяктуу мүмкүн болушунча бир-биринен алыстаганга аракет кылышат. Бул жерде магниттер асылып турган чыбык – глобин молекулалары; кыймылдаткан нерсе, б.а. магниттер асылып турган «жип» – гемо топтору, магниттер болсо – кычкылтектер. Гемоглобиндин төрт башка кычкылтек молекуласына уланышы – дененин кычкылтек муктаждыгын канааттандыруу үчүн атайын пландуу жаратылган нерсе.

Денеде кычкылтек таратуунун масштабын жакшыраак элестетүү үчүн ар бир кызыл кан клеткасынын орточо 270 миллион гемоглобин молекуласын алып жүрөөрүн эске салалы. Бул кемчиликсиз таратуу системасынын жогоруда баян кылынгандай болушу да өтө маанилүү. Ал молекулалар кычкылтектин кооптуу экенин, ошондуктан андан качышы керек экенин билгендей кыймыл-аракет жасашат. Эң негизгиси, жер жүзүндөгү ар бир адамдын денесинде триллиондогон молекулада бул чара сөзсүз көрүлгөн. Себеби алар – Аллах жараткан жана дайыма башкарып турган жаратуу мисалдары. Ар бири Аллахтын «өкүмүн орундатуучу» маанисине келген Кади сыпатынын чагылуулары. Жана ушул себептен дүйнө жүзүндөгү ар бир жаратылуу мисалы сыяктуу, Аллахтын бар экенин, чексиз кудуретин жана илимин бизге таанытышат. Раббибиздин илиминин улуулугу Куранда төмөнкүдөй кабар берилет:

Кайыпты да, күбө болунганды да билүүчү, улуу жана кудуреттүү, боорукер – Ал. Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. (Сажда Сүрөсү, 6-7)

Бул ташуу жоругунда гемоглобин менен кычкылтек арасында чындыгында өтө алсыз бир байланыш түзүлөт жана ал байланыш оңой эле үзүлүп калышы мүмкүн. Байланыштын мындай алсыз болушунун өзүнчө бир жаратуу керемети экенин болсо кийинки этапта көрөбүз. Керектүү кыртыштарга кычкылтекти калтыруу үчүн эки молекула бир-биринен оңой гана ажырашы керек. Ортодогу алсыз байланыш муну жеңилдетет. Эгер ортодо күчтүү бир байланыш түзүлгөндө, кычкылтек молекуласы денеде ташылганы менен, кыртыштарга калтырыла алмак эмес жана кычкылтек алып бараткан эритроциттер кыртыштардын жанынан өтүп кетишмек. Бул болсо сөзсүз түрдө бизди өлүмгө алып бармак.

Алсыз байланыштын түзүлүп кайра бузулуу коэффициенти да өтө кылдат тартипке салынган. Кычкылтек молекуласынын гемоглобинге уланышына жогорку кычкылтек басымы шарт түзөт. Денеде кычкылтек басымы төмөндөгөндө кычкылтек менен гемоглобин арасындагы алсыз байланыш үзүлүп, кычкылтек гемоглобинден бөлүнөт. Мына ушул механизм өпкөлөрдөн кыртыштарга кычкылтек ташылышынын негизин түзөт.25 Денеде мындай механизм эч үзгүлтүксүз иштеши керек. Эгер кычкылтек басымы керек учурда жана керектүү жерде төмөндөбөсө, кыртыштар (тканьдар) эч качан дем ала алышпайт. Кычкылтексиз бир кыртыш болсо көпкө жашай албайт.
Бул жагдай кан басымына да тиешелүү. Гемоглобиндин бир кыртышка канча кычкылтек берээри кан басымы туруктуу учурда гана аныктала алат. Кандагы бул басымдын туруктуу болушун болсо гемоглобин молекуласындагы кычкылтек менен көмүр кычкыл газынан тышкаркы башка бир молекула камсыздайт: азот моноксиди (азот кычкылы). Эгер гемоглобинде азот моноксиди болбогондо, кан басымы тынымсыз өзгөрө бермек жана керектүү кыртыштарга керектүү санда кычкылтек бериле албай калмак же ашыкча кычкылтек берилмек.26 Натыйжада ал кыртыштар же күйүп калмак же болбосо кычкылтек жетишсиздигинен өлүшмөк.
Гемоглобин молекуласы жөнүндө буга чейин берилген маалыматтардын баары анын жашоо үчүн атайын жаратылган бир молекула экенин апачык тастыктоодо. Бул молекула жер жүзүндөгү жандыктар кокустуктар натыйжасында келип чыккан деген көз-карашты жактаган дарвинисттерге татаал бир маселе жаратууда. Эгер дарвинисттер гемоглобин кокус мутациялардын натыйжасында пайда болгон деген пикирин өзгөртүшпөсө; дененин ичинде кычкылтекке химиялык жактан өтө төп келген гемоглобин аттуу молекуланын генетикалык маалыматынын кантип пайда болгонун жана бул генетикалык маалымат пайда боло электе, кан айлануу системасы бар жандыктардын кантип дем алганын, кычкылтекти орган-клеткаларына кантип ташыганын түшүндүрүп бериши керек.
Муну унутпаш керек: кан айлануу үчүн гемоглобиндин болушу шарт жана кычкылтек менен дем алып жашаган эч бир организм бул молекуланын кокус мутациялар натыйжасында пайда болушун жана убакыттын өтүшү менен өнүгүп-калыптанышын күтө албайт. Эгер гемоглобин кычкылтекке алсыз бир байланыш менен уланып, анан аны кыртыштарга жеткирип, анан кыртыштардагы калдык заттарды чогултуп, аны өпкөгө жеткирип таштай турган өтө өзгөчө түзүлүшүнө эң башынан баштап ээ болбогондо, кан айлануу болбой калмак. Бул бизге кан айлануунун жүрөк, тамыр тармагы, кан суюктугу сыяктуу өтө комплекстүү кыртыштардан тышкары, гемоглобин сыяктуу өзгөчө молекулалар менен бирге бир убакта жана кемчиликсиз пайда болушу керек экенин көрсөтөт. Башкача айтканда, кан айлануу эволюциянын натыйжасында келип чыккан эмес, ал жаратылган.
Жандыктар ааламы жөнүндөгү «кантип» жана «эмне себептен» деген суроолордун бүт жооптору жаратуу чындыгына алып барат. Ушул себептен дарвинисттер жашоонун комплекстүү түзүлүшү кантип пайда болгон деген суроого эч жооп бере алышпайт. Ар бир нерсени каалаганын каалагандай жасоого кудуреттүү, Кадир болгон Аллах жараткан. Куранда бул чындык төмөнкүчө кабар берилет:

Чыгыштардын жана батыштардын Раббисине ант ичем; Биз чындыгында кудуреттүүбүз. (Меариж Сүрөсү, 40)


Кереметтүү молекула көмүр кычкыл газын ташыйт

Гемоглобин жөнүндө дарвинисттерди туюкка такаган нерсе – жалгыз эле гемоглобиндин кычкылтек ташуу өзгөчөлүгү эмес. Гемоглобиндин ошол эле учурда демибиз аркылуу сыртка чыгарган көмүр кычкыл газын да клеткалардан бир-бирден чогултуу жөндөмү бар.
Көмүр кычкыл газын канда ташуу кычкылтектей рисктүү эмес. Мына ушул себептен көмүр кычкыл газын кандан алда канча көп санда ташууга болот. Эс алып жаткан учурда 100 мл кан кыртыштардан өпкөлөргө орточо 4 мл көмүр кычкыл газын жеткирет. Кычкылтек алып бараткан гемоглобин канга ачык кызыл түс берсе, көмүр кычкыл газын өпкөлөргө алып келе жаткан гемоглобин ачыктыгын жоготот жана коюу кызыл, сыя сымал бир түстө болуп калат. Тери бетиндеги тамырлардын коюу (көгүш) түстө көрүнүшүнүн себеби мына ушунда.
Көмүр кычкыл газы кандын ичинде көбүнчө көмүр кислотасы формасында ташылат. Орточо 5%дык бөлүгү гана гемоглобинге жабышып, өпкөлөргө жеткирилет. Көмүр кычкыл газынын 10%дык бөлүгү болсо ээриген газ абалында болот.
Көмүр кычкыл газы гемоглобинге өтө алсыз бир байланыш менен уланат. Гемоглобинден ажырап алысташында болсо кайра эле кычкылтек кызмат аткарат. Холдейн эффекти деп аталган бул химиялык кубулушта көмүр кычкыл газына караганда күчтүүрөөк бир кислота болгон кычкылтек гемоглобинге уланат жана көмүр кычкыл газынын кандан алысташына шарт түзөт. Холдейн эффекти кыртыштарда кычкылтек муктаждыгы жогорулаганда, гемоглобиндин кычкылтектен бөлүнүп көбүрөөк көмүр кычкыл газына жабышышына шарт түзсө, ушул эле химиялык эффект өпкөлөрдө тескерисинче бир эффект жаратат. Кычкылтектин саны көбүрөөк болгон өпкөлөрдө күчтүү кислота таасири менен кычкылтек гемоглобинге жабышып, акылдуулук кылат жана көмүр кычкыл газы чыгуу эшигине келгенде, «мажбурлуу түрдө» жабышып турган гемоглобининен ажыраганга туура келет.27
Бул процесс өтө комплекстүү химиялык бир кубулуш. Бул жерде гемоглобиндин кычкылтек менен көмүр кычкыл газын алып-берген чекиттердин өтө кылдат белгиленгендиги көңүл буруу керек болгон бир жагдай. Гемоглобин орган-клеткаларда кычкылтекти калтырып, көмүр кычкыл газын алышы керек, көмүр кычкыл газы сыртка чыга турган өпкөлөрдө болсо мунун тескериси жасалышы керек. Бул алмаштыруу иши дененин эч качан башка бир жеринде жасалбайт. Бул айлануу системасын камсыз кылган химиялык тең салмактуулуктун кан айлануу системасы менен бирге жаратылышы шарт; убакыттын өтүшү менен акырындап, кокус мутациялар натыйжасында, баскыч баскыч эволюция болушу мүмкүн эмес.
Кээде болсо кандагы гемоглобин көбүнчө тышкы факторлор менен пайда болгон көмүр моноксидине (карбон-моноксид) уланат. Көмүр моноксиди менен уулануу деп аталган кубулуш мына ушул. Абадагы газ, көмүр газы же күйгөндөн чыккан газдар абага көмүр моноксид абалында аралашкан соң денеге кирген бул газ кандагы гемоглобинге жабышат. Ошентип гемоглобинге уланган же улана турган кычкылтектин ордун ээлейт. Гемоглобиндин көмүр моноксидге жакындыгы болсо кычкылтекке болгон жакындыгынан күчтүүрөөк. Гемоглобин көмүр моноксидге 500 эсе күчтүүрөөк уланат (жабышат) жана бул жагдай кычкылтек жетишсиздигинен өлүмгө себеп болушу мүмкүн.28

Гемоглобиндин ичиндеги темир керемети
Гемоглобинде жайгашкан жана кычкылтекти ташуу жумушунда маанилүү кызмат аткарган темир – Аллах жараткан улуу кереметтердин бирөөсү. Ар кандай жолдор аркылуу денеге жана түздөн-түз ичке ичегиге кирген темир бир глобин белогу менен байланыш түзүп, кан плазмасын көздөй сапар алат. Ал жерде темирди ташуучу молекула «апотрансферрин» деп аталат. Темир глобин молекуласы менен эркин байланыш түзөт жана дененин кандайдыр бир жеринде кандайдыр бир кыртыштын клеткаларында эркин болуп кала алат. Темирдин клеткалар тарабынан алынышын негизинен темирди ташуучу молекула болгон апотрансферрин контролдойт. Апотрансферрин канда темир ташуу менен эле чектелбейт, ошол эле учурда клетка ичине кирип бул молекуланы керектүү аймакка калтырат. Дене темирге тойгон соң боор азыраак көлөмдө апотрансферрин өндүрөт. Башкача айтканда, боор дененин муктаждыгын аныктайт жана муктаждыкка жараша өндүрүш жасайт. Натыйжада дененин ичинде темирди ташуу иши азайат.29
Бул жерде дененин ичинде өтө так тартипке салынган бир байланыш системасы бар экенине дагы бир жолу күбө болобуз. Темирдин денеде көп санда тарашы да өтө олуттуу маселелерди жаратат. Бирок Аллах бир немат-жакшылык катары жараткан бул контроль механизми натыйжасында өндүрүштүн кандай санда жасалышы керек экени белгилүү болот. Тынымсыз денеде өлчөө жасалып, болжол менен 100 триллион клетканын ар биринин канча көлөмдө темирге муктаж экени аныкталат. Муктаждыкка жараша жасалган өндүрүш ошол эле учурда бир сактоо болот.
Темирдин денедеги сиңүү ылдамдыгы өтө жай. Эң бат болгондо күнүнө бир канча миллиграмм гана болот. Мунун мааниси, азыктар аркылуу денеге көп көлөмдө темир кирсе дагы анын аз бөлүгү гана денеде колдонулат.

Бирок калып калганы ысырап кылынбайт. Канда айланган темирге дене эми муктаж болбой калса, ашыкча темир иондору кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюлат. Денедеги бүт клеткалар, өзгөчө боор клеткалары, кийин колдонулаарын билгенсип, бул ашыкча темирди ичтеринде кампалап коюшат. Мындай кампалоо ишин клеткалардын билиши болсо өтө маанилүү. Эч бир клетка ага келген темирди ээнбаш жана контрольсуз колдонбойт. Эч бир клетка башка клеткалардан башкача бир чечим алып темир иондорун бир четке таштап салбайт. Өтө баалуу бир казына сактап жатканын билгендей мамиледе болушат. Бул чындык бизге клеткалардын ичинде кемчиликсиз бир пландоо бар экенин көрсөтөт. Бул план дайыма көзөмөлдөнүп-башкарылып турат. Бул план менен башкаруунун бүт нерсени башкарып кармап турган, Каим болгон Аллахка тиешелүү экени анык. Бул кереметтүү системадагы кемчиликсиздиктин себеби ушул.
Аллахтын Затын, албетте, көрө албайбыз. Бирок акылдуу жана абийирлүү бир адам айланасындагы ушул сыяктуу жаратуу мисалдарын карап, Аллахтын абсолюттук жана Улуу Затынын бар экенин түшүнө алат. Аллахтын сөзсүз бар экенин көрсөткөн далилдер апачык көрүнүп турат. Раббибиз өзүнүн улуу чеберчилигин бир аятта төмөнкүдөй сүрөттөйт:


Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

Булактар:

24- Mutahhar Yenson, İnsan Biyokimyası, Beta Basım Yayın Dağıtım, sf. 484
25- Arthur C. Guyton, Tıbbi Fizyoloji, Cilt 1, 7. Basım, Nobel Tıp Kitabevi, sf. 709
26- Bilim ve Teknik, Tübitak Yayınları, Şubat 1998, Sayı 363, sf. 61
27- www.library.uthscsa.edu/ms2/ICS/Respiratory/Note%20Cards/ICS-%20Acute%20Respiratory%20Failure.ppt; Arthur C. Guyton, Tıbbi Fizyoloji, Cilt 1, 7. Basım, Nobel Tıp Kitabevi, sf. 716
28- Mutahhar Yenson, İnsan Biyokimyası, Beta Basım, Yayın, Dağıtım, sf. 486
29- Arthur C. Guyton, Tıbbi Fizyoloji, Cilt 1, 7. Basım, Nobel Tıp Kitabevi, sf. 66-67-68