вторник, 21 января 2014 г.

ТЕҢДЕШСИЗ БИР ИММУНДУК АРМИЯ: ЛЕЙКОЦИТТЕР


Жеген даамдуу бир тамагыңыз, дем алган абаңыз, жашаган чөйрөңүз, кол алышкан адамдарыңыз сизди канчалаган жат заттарга жолуктурат билесизби? Кээде ичкен сууңузда да сизди оорууга чалдыктыра турган микробдор, качан ишке киришээри белгисиз болгон кооптуу вирустар бар. Бирок күн сайын канчалаган жолу денеңизге кирген бул зыяндуу заттардын бар экенин сезбейсиз дагы. Себеби денеңизде сизге зыяндуу нерселерди аныктап, жок кылуу милдети жүктөлгөн бир армия бар. Аллах адамдар үчүн чоң бир немат-жакшылык катары жараткан жана дүйнөдө теңдеши жок бул иммундук армия тамырларыңыздын ичинде дайыма кыдырып, кароолдо турушат.
Лейкоциттер – бул ак кан клеткалары. Кадимки шарттарда орточо 1 мм3 канда 6-10 миң арасында лейкоцит болот. Кан айлануу ичинде орточо 500 эритроцитке бир лейкоцит туура келет. Эгер кан айлануудагы бүт лейкоциттер бир жерге чогула алса, бир кофе кружкасын араң толтура алышат.37 Бирок денеде бир инфекция башталганда, лейкоциттердин саны 1 мм3 канда 30 миңге чейин чыга алат.38
Бул клеткалар – жоокер клеткалар. Денеге кирген ар кандай жат затты таанышат жана алар менен согушушат. Бир бөлүгү түздөн-түз микробдор менен согушса, бир бөлүгү болсо жат молекулаларды жана микробдорду таанып системага сигнал берет.
Лейкоциттер жилик чучугунда өндүрүлөт жана ошол жерде жашашат. Жилик чучугунун өндүрүш ылдамдыгы секундасына 1,2 миллион лейкоцит клеткасына барабар. Бул бир өмүр бою жарым тонна лейкоцит деген мааниге келет.39 Жилик чучугу лейкоциттер үчүн бир башпаанек же бир кампа болуп саналат. Канда белгилүү көлөмдө лейкоцит клеткалар даяр турушат. Жилик чучугундагы лейкоцит клеткалары болсо бир кооптуулук жаралганда гана кан айланууга кошулушат. Алар үчүн кан дененин бүт тарабына бара ала турган теңдешсиз бир транспорт каражаты болот. Кан аркылуу денеге кирген микробдор жолдо жок кылынат, кыртыштарга кирип кеткендер болсо лейкоциттер жолуккан кыртыштар бою жок кылынышат.
Бир лейкоциттин жүрөктөн башка барып келиши болжол менен 10 секундага, буттун баш бармагына, б.а. дененин жүрөктөн эң алыс жерине чейин жетип кайтышы болсо болжол менен бир мүнөткө созулат. Бир лейкоцит клеткасы бир күндө денени 1000ден ашык жолу кыдырып чыгат.40 Лейкоциттер ядролуу жана түссүз клеткалар, бирок ядролуу болгону менен, кан айланууга кошулган соң бөлүнүү жөндөмүн жоготушат. Максаты эми бөлүнүү эмес, согушуу болот. Кан айланууга кошулган соң өмүрлөрү канда 3-4 саат, кыртыштарда болсо 3-4 күн болот.41 Аллах денени коргошу үчүн атайын жараткан бул жоокерлер 3-4 күн ичинде коркунучту жок кылышат.
Олуттуу инфекция учурларында лейкоциттердин өмүрү көбүнчө бир канча саатка чейин азайат. Себеби бул клеткалар тездик менен жабыркаган аймакты көздөй жол алып, ал жерде өз кызматын аткарышат жана жумушу бүткөндө өтө чарчагандыктан кыска убакытта өлүшөт. Бирок бул убакта инфекцияны жок кылуу үчүн жилик чучугунда өндүрүш уланат. Денеде бир инфекция жок кезде да лейкоциттер бош калышпайт. Денени душмандардан коргошпосо да, кыла турган өтө маанилүү иштери бар. Лейкоциттер денедеги 100 триллион клетканын ар бирин күнүнө бир канча жолу текшерип, кыдырып турушат. Бул кыдыруу учурунда оорулуу жана улгайган клеткаларды аныктап жок кылышат. Ал тургай, улгайып, ишке жарабай калган лейкоцит клеткалары да башка лейкоциттер тарабынан жок кылынат.
Лейкоцит түшүнүгү негизи бир типтеги бир клетканы түшүндүрбөйт. Жалпы мааниде лейкоциттерди түзгөн клеткалар чоңдугуна жана ядролуу же ядросуз экенине карап бешке бөлүнөт. Булар – лимфоциттер (Т жана В), моноциттер, нейтрофилдер, эозинофилдер жана базофилдер. Бул клеткалардын арасындагы эмгектин бөлүнүшү болсо чыныгы мааниде кемчиликсиз.

Иммундук аскерлердин эмгек бөлүшүүсү
дененин жашыруун коргоочусу базофилдер
Көп адамдар системанын кемчиликсиздигинин бир талабы катары кандын уюп калышынын денеге болгон рисктеринен көбүнчө кабарсыз жашашат. Бирок, алдыда терең карала тургандай, кандын уюш процесси теңдешсиз, кемчиликсиз жана өмүрдү сактап калуучу бир система болуудан тышкары, эгер туура эмес иштеп дене ичинде тромб пайда кылса, адам өмүрүнө өтө чоң коркунуч жарата турган бир система.
Кан сыртка чыгып абага кошулганда уюп баштайт. Бул биздин өмүрүбүздү сактап калган кемчиликсиз бир система. Бирок кан эгер сырттагы сыяктуу жүрүп бараткан тамырлар ичинде да уюса, анда бул жагдай кыска убакыт ичинде өлүмгө алып барышы мүмкүн. Бул үчүн кичинекей бир кан тромбунун (уюган кандын) жүрөккө барчу тамырлардын бирөөсүн тосуп калышы жетиштүү болот. Мына ушул коркунуч базофилдер тарабынан жоюлат.

Базофилдер канга «гепарин» деп аталган бир зат чыгарышат. Бул өзгөчө зат кандын тамырлардын ичинде уюшуна жолтоо болот. Башкача айтканда, денеде пайда болушу мүмкүн болгон ыктымалдуу бир кооптуулук коркунуч жарала электе алынган бир чара менен жок кылынат. Бул – адам денесин изилдеп жатканда көп жолу алдыбыздан чыккан бир чындык. Кооптуулук жарала электе чара көрүлүүдө.
Гепарин канды тромбдордон эле эмес, тамырды тосуп кала турган башка заттардан да коргойт. Кандагы май – мунун бир мисалы. Гепарин заты адам майлуу бир тамак жеген соң да кызмат кылат жана бул тазалоо иши өмүрдүн уланышы үчүн өтө маанилүү.42
Гепарин – адам денесинин ар бир деталында көрүнгөн жаратылуунун дагы бир мисалы. Башка бүт органдар, кыртыштар, молекулалар өз ордунда болуп, бир гана гепарин жок болсо, адам жашай албайт. Көп адамдардын бүт бул комплекстүү системадан кабарсыз, бейпил гана жашап жатышынын себеби системанын кемчиликсиздигинен болууда. Мынчалык комплекстүү, өтө татаал, абдан кылдат тең салмактуулуктарга таянган бир системанын, дарвинизм айткандай, сокур кокустуктардын натыйжасында пайда болушу болсо эч мүмкүн эмес. Жашоо изилденген сайын эволюциянын ишке ашышынын эч мүмкүн эмес бир процесс экени кайра кайра ортого чыгып, жаратылуу (Жаратуучунун бар экендигинин) далилдери апачык көз алдыга тартылууда.

Паразит аңчысы эозинофилдер
Бул лейкоцит түрүнүн душмандарды кармоо жөндөмдүүлүгү дененин ири коргоочулары болгон макрофагдардай өнүккөн эмес. Бирок эозинофилдер бир багытта адис: денеге кирген паразиттерди заматта жок кылышат.
Паразиттер денедеги башка иммундук клеткалар тарабынан колго түшүрүлө албай турганчалык чоң. Ушул себептен дененин иммундук клеткалары бүт микробдорго каршы кемчиликсиз согуша алышканы менен, паразиттерге таасир эте алышпайт. Бирок, албетте, бул адам денеси үчүн бир кемчилик эмес. Эозинофилдердин бар болушу паразиттердин жок кылынышына жетиштүү. Негизи паразиттер эозинофилдерден да чоң болот. Ошого карабастан, эозинофилдер паразитке жабышып, аны өлтүрө алышат.43
Жилик чучугунда өндүрүлгөн соң эозинофилдер кыртыштарды көздөй сапарга чыгышат. Паразиттер денеге киришкенде, лимфоцит менен нейтрофилдер ошол замат эозинофилдерди чакыруучу ферменттерди чыгарышат. Эозинофилдердин паразиттерди өлтүрүү ыкмалары болсо ал жат клетканын ичине уулуу затты киргизүү аркылуу болот. Бул коргонуу клеткалары, бизди өтө маанилүү коркунучтардан секунда сайын коргоп жатканы менен, эозинофилдердин түзүлүшү жана функциялары жөнүндө өтө аз маалымат билебиз.44 Дарвинисттер кокустуктар натыйжасында келип чыккан деп түшүндүрүүгө аракет кылган бул кемчиликсиз түзүлүш алигече толук чечмелене элек. Алынган ар бир детальдуу маалымат бул клеткаларды Аллахтын кемчиликсиз бир жаратуу менен жаратканын көрсөтүүдө.

Моноцит жана нейтрофилдер кызматта
Жогоруда саналган ак кан клеткаларынын баары адам денесин коргоо милдети жүктөлгөн аскерлер болуп саналат. Ар башка функцияларды аткарышы себептүү ар башка аттар менен аталышат. Араларында эмгектин кандай бөлүнгөнүн билүү да маанилүү. Ушул себептен, алгач нейтрофилдер жасаган «фагоцитоз» процессин изилдөө туура болот. Бул процесс моноциттердин өнүккөн формалары болгон макрофагдар да колдонгон бир ыкма.
Фагоцитоз процесси негизи бир клетканын кандай «акыл» колдоноорун түшүнүүгө жетиштүү бир далил болот. Денеге кирген тымызын бир душман ушул ыкма менен байланып, анан таасирсиз кылынат жана андан соң жок кылынат. Ыкма өтө системалуу жана ар кандай жат затты жок кыла ала турган даражада эффективдүү.

Фагоцитоз процессин жасаган клеткалар жалпысынан «фагоциттер» деп аталышат. Фагоциттердин эң негизги өзгөчөлүгү – бул, жогоруда да айтылгандай, акылдуу бир жандыктай иш-аракет жүргүзүшү, айлананы чалгындап душман клетканы заматта аныкташы жана анын качып, жашап калышына мүмкүндүк бербеши. Бул клеткалар калпычы буттардын жардамы менен душман клетканы өз ичине киргизип талкалашып, анан сиңиришет. Бул клеткалардын бул процессте денеге кирген бир жатты кантип тааный турганына токтолуу керек. Бул өтө маанилүү, себеби дененин ичиндеги микроскопиялык жандыктардын баары бир-бирине окшошот. Алар кантип айырмалашат?
Дененин табигый түзүлүштөрү фагоцитозго чыдамкай жылмакай беттүү болот. Аллахтын дене клеткаларына табигый жылмакай бир түзүлүш беришинин өзгөчө бир сыры жана мааниси бар. Фагоциттер көбүнчө кол салуучу клеткаларды тышкы бетинен таанышат. Жылмакайлык аларга ал клетка «дос» деген маалыматты берет. Бирок эгер ал дос клетканын бетинде кандайдыр бир себептен бир бырыш пайда болсо, анда фагоциттерди эч нерсе токтото албайт. Дененин өз кыртышы өзүнүн жоокери тарабынан жок кылынат.
Жылмакай түзүлүштөн тышкары дененин табигый түзүлүштөрүнүн көпчүлүгү фагоциттерди түртө турган коргоочу белок кабыгына ээ. Ал кабыктын өзгөчө жана чыныгы мааниде кереметтүү бир коргонуу механизми бар. Фагоциттердин олжосу болгон жат нерселерде жана өлүк кыртыштарда мындай коргоочу кабык болбойт.
Булардан тышкары, иммундук системанын фагоциттерге көмөкчү болгон өзгөчө бир функциясы бар. Иммундук система көбүнчө бактерия сыяктуу жаттарга каршы антителолорду чыгарат. Ал антителолор аныктаган бактерияларынын үстүнө жабышышат жана бактерияны фагоцитозго оңтойлуу кылып койот. Антителонун ыкмасы болсо таң калыштуу. Антитело муну бир тараптан бактерияга, экинчи тараптан болсо фагоциттерге жабышуу аркылуу жасайт.45

Дененин ичиндеги бир клетканын өз милдетин билип, денеде жаттарга аңчылыкка чыгышы жана ал үчүн керектүү жабдыктарга ээ болушу акылы бар ар бир адамды бир аз токтоп ойлондурушу керек. Фагоциттер бир күнү чечимдерин өзгөртүп, кычкылтек ташып башташпайт же бир булчуң клеткасына айланышпайт. Алар иммундук системанын бир бөлүгү катары аткарышы керек болгон кызматты күн сайын сөзсүз кемчиликсиз орундатышат. Алардын жасаган иши өтө оор жана ошол эле учурда өтө рисктүү. Бирок бактерияны таанып аныктоодо эч качан жаңылыштык кетиришпейт. Алар көздөрү жок туруп көрүшүп, мээлери жок туруп «акыл жүгүртүп, ойлонушат». Демек, алардын кылганынын көз менен, мээ менен же башка бир физикалык өзгөчөлүк менен байланышы жок экени анык. Алар жер жүзүндөгү ар бир жандыкты кемчиликсиз өзгөчөлүктөр менен жабдыган жана «дайыма» көзөмөлдөп турган Аллахтын буйругуна баш ийишүүдө. Алардагы системалардын кемчиликсиз болушунун себеби ушунда. Аллах аятында төмөнкүдөй кабар берет:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

Душман курчоого алынат
Кыртыштарга (тканьдарга) кирген нейтрофилдер жетилген клеткалар болгондуктан ошол замат фагоцитозду баштай алышат. Нейтрофил жат клеткага жакындаганда алгач ал клеткага тийет жана клетка айланасында ар кайсы багытты көздөй узарган калпычы колдорду созот. Ал колдор клетканы ороп, клетка айланасында жолугушуп, бир-бирине кошулушат. Жат клетка эми нейтрофилдин ичинде камалып калат. Клетка андан соң клетка мембранасынан айрылып нейтрофил цитоплазмасынын ичин көздөй сиңет. Бир нейтрофил өлөөрдөн мурда көбүнчө 5-20 бактерияны фагоцитоз кыла алат, б.а. жок кылат.
Моноциттер болсо кызматын орундатуу үчүн алгач өрчүшү керек болот. Макрофагдардын баштапкы абалы болгон моноциттер кыртыштарга өтөөрдөн мурда канда 10-20 сааттай айланышат. Кыртыштарга өткөн соң шишип чоңойот жана макрофагга айланышат. Фагоцитоз процесстери учурунда талкаланмайынча, бир канча ай, ал тургай, бир канча жыл жашай алышат. Кыртыш (ткань) макрофагдары кыртыштарда дайыма инфекцияларга каршы коргоону камсыздаган кемчиликсиз бир система. Фагоцитоз ыкмалары болсо нейтрофилдерден башкачараак. Көбүнчө 100 бактерияны фагоцитоз кыла ала турган жөндөмгө ээ. Нейтрофилдер бактериялардын чоңдорун фагоцитоз кыла албаса, макрофагдар алда канча чоңдорду да жок кыла алышат.

Нейтрофилдер фагоцитоз кылган клеткаларды көбүнчө өз ичтерине сиңиришет. Бул сиңирүүнүн натыйжасында бактериядан уулуу заттар чыгарылат жана нейтрофил максимум 25 бактерияны фагоцитоз кылган соң бул уулуу зат анын өлүмүнө себеп боло турганчалык көбөйөт. Кандайдыр бир мааниде нейтрофил биздин жашашыбыз үчүн өз жанын берүүдө. Мындан соң эми уулуу бир зыяндуу затка айланган нейтрофил макрофагдар тарабынан фагоцитоз аркылуу жок кылынат.
Макрофагдар болсо душмандарын сиңирген соң калдыктарды сыртка чыгаруу жөндөмүнө ээ. Ушул себептен уулануу коркунучу жок. Мунун натыйжасында өтө көп санда бактерия өлтүргөн соң да канчалаган ай, ал тургай, канчалаган жыл жашай алышат.46
Бул айтылгандардын баары алдыбыздан чыккан ар системада өтө таң калтырган Аллахтын чексиз акылынын бир далилдери. Дененин ичиндеги кичинекей жандыктардын бир душманды байкап ага каршы чаралар көрүшү таң калтырарлык бир көрүнүш. Бирок ал кичинекей жандыктар душмандарын өлтүрүп эле тим болушпайт. Ал душман кайра денеге киргенде ага каршы даяр туруу үчүн чара да көрүшөт. Бул максатта макрофаг душман клетканы жуткан соң андан антиген деп аталган жана душмандын өздүк (жеке) маалыматтарын камтыган бир бөлүктү жулуп алат. Ал антигенди бир желек сыяктуу өзүнүн үстүнө жайгаштырып өзү менен кошо алып жүрө баштайт. Ал желек коргонуунун негизги баатырлары болгон лимфоциттерге жол көрсөтөт. Макрофагдардын мындай таалими натыйжасында дененин башка коргонуу клеткалары болгон лимфоциттер дененин негизги душмандарын таанып калышат. Ал душмандар денеге кайра киргенде лимфоциттер тарабынан заматта жок кылынышат.
Бул чындыктардын баарын акыл менен жана стереотипсиз анализ кылган бир адам жандыктар кокустуктарга таянган бир «эволюция процесси» натыйжасында келип чыккан деген сөздөрдүн жараксыздыгын түшүнөт. Албетте, булардын баарын билип туруп, ал тургай, аларды терең изилдеп чыккан соң да, өжөрлөнүп эволюция теориясын жактаган кишилер да бар. Бирок ал кишилер өтө догматикалык маанайда, Аллахтын бар экенин кабыл албаш үчүн гана жаратылуу далилдерине каршы тирешишүүдө. Жер жүзүндөгү ар түрдүү жана эч күмөнгө орун калтырбаган далилдерге карабастан, далилсиз бир теорияга жабышып калышы, башка түшүндүрмөлөрдү кабыл албашы алардын психологиялык себептерден чындыктарды танып жатканын көрсөтөт.
Улуу кудуреттүү Раббибиз Аллахка моюн сунуп, Анын жараткандарына суктанып, Аны даңазалоо өзүнүн эгосун кудайлаштырган андай адамдарга оор келет. Чындыгында болсо, алардан талап кылынган нерсе – бул Аллахтын абсолюттук өкүмдарлыгын көрүп, аны жакшылап түшүнүп Аллахка шүгүр кылуу гана. Аллахтын жер жүзүндөгү жараткан эмгектерин изилдеп тааныган, күн сайын жаңы кереметтүү өзгөчөлүктөрдү ачкан жана Аллахка ыйман кылган адамдар күн өткөн сайын көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө эволюция калпынан кутулуп, бул чындыктарды көрүп баштаган өтө көп санда илимпоздор бар.

Армиянын башкы командирлери:
лимфоциттер
Макрофагдардын коргоосу дене үчүн чындыгында өтө маанилүү. Душмандардын чабуулу биринчи этапта ушул акылдуу клеткалардын иш-аракеттери натыйжасында токтотулат. Макрофагдар ушунча көп иш-аракет жасаса, башка өлтүргүч клеткалар болгон лимфоциттердин кандай кереги бар? Эмнеге дене үчүн экинчи бир коргоого муктаждык бар?
Буга себеп чабуулчулардын ар кандай өзгөчөлүктөрдө болушу. Дайыма бизге келиши ыктымал болгон душмандарга каршы дененин ичинде өз-өзүнчө чаралар көрүлгөн. Кээде кеңири масштабдуу жана күчтүү бир армияга муктаждык жаралышы мүмкүн. Себеби кээ бир душмандар чабуул койгон денени толугу менен каратып ала турганчалык күчтүү болушу ыктымал. Мына ушундай кооптуу учурларда лимфоциттер ишке киришет жана чабуулчулар менен «кандуу» согуш башташат.
Лимфоциттердин душмандарды токтото турган уулуу химиялык куралдары бар. Бир канча микрон чоңдуктагы бир клетканын уу өндүрүп башташы жана аны керектүү жерде жана керектүү учурда колдоно алышы, албетте, кереметтүү бир жаратуу далили. Технологиялык мүмкүнчүлүктөрү бар акылдуу бир адам үчүн бир уу өндүрүү өтө комплекстүү бир процесс болуп саналат. Бул жердеги өндүрүүчү болсо канда айланып жүргөн кандайдыр бир клетка жана, албетте, эч кандай химиялык илими жок. Болгондо да, жогорку жөндөмдүү лимфоцит үчүн колунда уунун бар болушу эле жетиштүү болбойт. Аны каерде сактап, каерде колдонушу керек экенин да аныкташы зарыл. Антпесе, ал уудан өзү да жабыркап, дене да өз аскерлеринин чабуулунан жеңилип калышы мүмкүн.
Лимфоциттер ушунчалык пландуу жана акылдуу болгондуктан, өзгөчөлүктөрү баяндалып жатканда сизге аң-сезими бар бир адамдан сөз болуп жаткандай сезилип кетиши мүмкүн. Негизи мындай салыштыруу да жетиштүү болбойт. Себеби аң-сезимдүү жана чара көргөн бир адам да кааласа каалабаса ката кетириши мүмкүн. Лимфоциттерде мындай ыктымалдык жок. Бул акылдуу клеткалар эң биринчиден дене тарабынан алар үчүн өндүрүлгөн ууну өздөрүнө да, бизге да зыян тийгизбей турган абалда алып жүрүшү керек болот.
Лимфоциттер бул заттын ыктымалдуу зыянын билгенсип, ууну өз клетка мембранасындагы чөйчөкчөлөрдүн ичине ташышат. Лимфоциттер өтө этияттык менен ташыган бул ууну кайсы клеткага киргизиши керек экенин билиши зарыл. Мындай маалыматы жок болсо өтө чоң коркунуч жаралат, себеби бул уста жоокерлер денедеги «ар кандай клетканы» жок кыла турган күчкө ээ. Душман менен досту айырмалай албашы денедеги бүт клеткалардын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн.
Медицина илими менен алектенгендер мындай жогорку жөндөмгө таң калуу менен күбө болушат. Лимфоциттер душман клеткаларды таанып, ал клеткаларга жакындайт жана жандарында алып жүргөн ууну ал душман клетканын ичине киргизишет. Көзү жана колдору жок бир микроорганизм кантип көрүнүшү бир-биринен көп айырмаланбаган ал микро жандыктарды айырмалай алат? Лимфоциттер бул процесс учурунда колдонгон ыкмалар чындыгында таң калыштуу.
Адамдар бир-бирин тышкы көрүнүшүнөн жана үндөрүнөн таанышат. Лимфоциттер болсо душмандарын белок молекулаларынан таанышат. Бактерия менен вирус белокторунун баары адамдын белокторунан айырмаланат. Иммундук клеткалар бул айырмачылыкты заматта байкашат.47 Бул жашаган үйүңүзгө бир уурунун кириши сыяктуу. Сиз үйгө бир жат кишинин киргенин заматта сезишиңиз сыяктуу, лимфоциттер да денедеги бул күтүлбөгөн конокту ушул айырмачылыктан улам заматта түшүнүшөт.
Бул кереметтүү жагдайды дарвинисттер өз теориялары менен түшүндүрүшү керек. Лимфоцит бир клетка жана кылган ишин жасап көрүп-жаңылып отуруп «үйрөнүү» мүмкүнчүлүгү жок. Эволюционисттер буларды түшүндүрө алуу үчүн бул иммундук клетканын убакыт ичинде акырындап дене клеткалары менен душман клеткаларды айырмалоону үйрөнүшү, аларды кантип өлтүрөөрүн чечиши, ал үчүн уу өндүрүшү, өзүнө жана ичинде жашаган денеге зыян тийгизбеш үчүн ал ууну ташый турган чөйчөктөр жасашы сыяктуу этаптарды түшүндүрүшү керек. Мындан тышкары, булардын баарын жасап жатканда өлбөй аман калышы керек болот. Эволюция боюнча, бул этаптардын баары кокустан пайда болушу зарыл. Себеби эволюциянын негизинде аң-сезимдүү жана пландуу өнүгүүлөр жок. Бүт баары башаламандык ичинде туш келди пайда болушу керек.
Демек, эволюция көз-карашы боюнча, лимфоцит да дененин коргонуу муктаждыгы пайда болгондо, кокустук мутациялар натыйжасында акырындап жогоруда айтылган өзгөчөлүктөргө ээ болот. Албетте, жүздөгөн, ал тургай, миңдеген жылга созула турган кыялдагы кокустук этаптар убагында адам денесинин кантип корголоору белгисиз. Мындай шарттарда иммундук системасы өнүкпөгөн бир дене ичине кирген бактерия же вирус себебинен бир канча күн ичинде өлүп калышы мүмкүн. Бирок бул кемчиликсиз жана акылдуу системаны пайда кылган деген «кокустуктар» кандайдыр бир жол менен ушунчалык орду ордунда жана пландуу жүргөндүктөн, бир дагы ката кетирген эмес.
Бул жомокту кабыл алуу, албетте, мүмкүн эмес. Бирок, таң калыштуусу, эволюционисттердин негизги көз-карашы ушундай. Аң-сезими жок кокустуктардын ката кетирбестен, кемчиликсиз организмдерди, системаларды жана комплекстүү түзүлүштөрдү пайда кылышы мүмкүн эмес, себеби кокустуктар системанын ичинде катага себеп болушат. Белгилүү бир комплекстүүлүгү бар кандайдыр бир механизмге да туш келди бир кийлигишүү жасалса, сөзсүз зыян алып келет. Иммундук система сыяктуу, укмуш комплекстүү бир системанын кокустан пайда болбошу жана келип чыкпашы болсо анык. Эч кандай илимий негизи жок бир жомокту илимий терминдер менен кооздоо ал жомокту куткарбайт, албетте.
Булардын негизинде адам бир чечимге келиши керек. Же аң-сезими жок кокустуктар булардын баарын жасаган жана кереметтерди пайда кылган деп ишенет же болбосо мындай көз-караштын такыр негизсиз жана логикасыз бир жомок гана экенин кабыл алат. Эгер бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге кемчиликсиз бир иммунитет клеткасынын бар экенинен сөз кылып жатсак, демек бул жерде аң-сезимсиз жана плансыз бир этаптын да жок экенин көрүү керек. Лимфоцит аны жашатуучу бүт органеллдери, уусун салып жүрө алчу чөйчөктөрү, душмандарын таануу жөндөмү жана согушуу жөндөмү менен бирге бар болгондо гана өз кызматын аткара алат жана жашай алат. Бул өзгөчөлүктөрдүн бирөөсүн бөлүп коюп, бир даанасын алып «бул көп убакыттар ичинде этап этап пайда болду» деп айта албайбыз. Бул клетка, башка бүт нерселер сыяктуу, Аллах каалаган кезде бүт өзгөчөлүктөрү менен адам денесиндеги өз ордуна жайгашкан. Аллах каалаганы үчүн ар бир денеде өз кызматын кемчиликсиз орундатып, дайыма, ар бир кылган ишинде Раббибиздин башкаруусу астында. Аллах бир аятында бул чындыкты төмөнкүдөй кабар берет:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

Лимфоциттердин кызмат бөлүшүүсү:
В жана Т лимфоциттери
В клеткалары – дененин курал заводдору. Жилик чучугунда жаралып, кан аркылуу лимфаларга өтөт жана ал жерде өмүр сүрүшөт. Кооптуулук учурунда логистикалык колдоо В клеткалары тарабынан көрсөтүлөт. Душманды өлтүрүү үчүн өндүрүлгөн куралдар – бул антителолор. В клеткалары Y формасында антителолорду пайда кылышат жана алардын миңдегенин тоголок денелерине жабыштырышат. Клетканын кабыгын эми ушул кабылдоочу антителолор түзүп калат. Денеге кирген бир жат нерсе бул кабылдоочу радардан кача албайт. В лимфоциттери бул формага келген соң көп жылдар бою денеде бир детективдей кыдырып жүрүшөт. Денеге бир жат нерсе киргенде болсо коңгуроо кагуу убагы келген болот. В лимфоциттери аларды заматта кабылдайт жана душман турган жерди көздөй тездик менен жөнөйт. Бул клеткалар кармаган душмандын, мисалы бир вирустун бүт белокторун ичине киргизишет жана аны талкалашат. Андан соң вирус бөлүктөрүн болсо өз клеткаларынын бетине жабыштырышат. Окуя аяктаганда В лимфоцитинин бетинде вирус бөлүктөрү калат. Ал бөлүктөр эми душмандын кимге тиешелүү экенин аныктоочу «антигендер» болот.

Бул этаптан соң В клеткалары колдоого муктаж болушат. Колдоо үчүн жаратылган жардамчы Т клеткалары ошол замат муктаждык пайда болгонун байкашат. Жардамчы Т клеткалары антиген бөлүктөрүн алып жүргөн В клеткаларын тааныйт жана аларга жакындап сүзүшөт. Бул сүзүшүү учурунда В лимфоциттери Т клеткаларына бир катар көрсөтмөлөрдү камтыган бир зат чыгарат. Ал көрсөтмөлөрдө ал антигендин бир «душманга» тиешелүү экени жана ал душмандын өздүк маалыматын башка Т жана В клеткаларына же, башкача айтканда, башка полиция бөлүктөрүнө көрсөтүшү керек экени белгиленген.48 Жардамчы Т клеткалары көрсөтмөлөрдү алаар замат ал жерден жөнөйт.
Бул жерде Т клеткалары менен жакшыраак таанышуу туура болот. Т клеткалары жүрөктүн үстүндө жайгашкан богок безинде (тимус) пайда болушат. Жетилген соң ал жерде ар кандай антигендерди таанууну үйрөнүшөт. Бул таалим өмүрүбүздүн калган бөлүгү үчүн өтө маанилүү бир таалим болот. Антигенди тааныбаган бир иммундук клетка денени, албетте, коргой албайт. Богок безинде пайда болгон Т клеткалары ушунчалык кеңири масштабдуу бир таалимден өткөндүктөн, табияттагы «жүз миллиондогон» антигенди оңой гана тааный алышат. Алардын таалиминин кереметтүү тарабы болсо – бул денебизде лабораторияларда жасалган жасалма антигендерди да тааный ала турган Т клеткаларынын бар болушу. Дененин ичиндеги көзгө көрүнбөгөн бир клетканын тышкы дүйнөдөгү коркунучтардан кабардар болуп, ага жараша чара көрүшүн эволюционисттер эч түшүндүрө алышкан эмес жана алышпайт дагы. Бул кереметтүү чындыктын жалгыз түшүндүрмөсү бар: тышкы дүйнөнүн да, дененин ичиндеги түзүлүштөрдүн да Жаратуучусу «бир». Эч күмөнсүз, бул Жаратуучу – бүт нерсени кемчиликсиз жараткан Аллах.
Кооптуулук учурунда көрсөтмөлөрдү алган жардамчы Т клеткалары алган маалыматтарга ылайык денеге тарашат. Эми денедеги бүт В клеткалары душмандын бар экенинен кабардар болот жана анын бүт өзгөчөлүктөрүн таанышат. Бул кооптуулук жөнүндө жардамчы Т клеткалары тарабынан эскерме алган В лимфоциттери көбөйүп башташат. В клеткалары бир канча миң жолу бөлүнүшөт. Бирок өндүрүлгөн жаңы клеткалар мурдакы В клеткалары сыяктуу кабылдап, жок кылуу жөндөмүнө ээ болушпайт. Алардын милдети эми дененин ичине тарап антигендерди издөө болот. Бул клеткалар керектүү антигендерди тапканда аларга жабышышат. Ошентип иммундук системанын башка кан клеткасы болгон «табигый өлтүргүчтөрдү» ишке киргизишет. Жок кылуу ишин алардан күчтүүрөөк болгон ушул клеткаларга калтырышат.
В лимфоциттеринин антитело заводдорун өндүрүшү жана антитело өндүрүшүнө башташы болжол менен 5 күнгө созулат. Бул мөөнөт ичинде денени коргоо ишин төрөлгөн кезден бар болгон иммундук системанын кызматкер клеткалары аркалашат. Адам бул убакыт ичинде өзүн өтө алсыз сезет жана көбүнчө температурасы көтөрүлөт. 5 күндөн соң В клеткалары милдетти өз колуна алганда, душман клеткалар тездик менен өлүшкөндүктөн, адам жакшы болуп баштайт.

Кызамык сыяктуу кээ бир оорулар менен өмүрүбүздө бир эле жолу оорушубузга В лимфоциттеринин кызамык вирусун таанып калышы себеп болот. Вирус денеге кирээр замат бул клеткалар аны тааныгандыктан, тездик менен сиңирилип, жок кылынат. Вирустун кайра ооруга себеп болуу мүмкүнчүлүгү жок. Денеге вакцина аркылуу оору микробунун киргизилүү себеби болсо В клеткаларына бул ооруну тааныштыруу болот.49

Булактар:

38- Regina Avraham, The Circulatory System, The Encyclopedia of Health, sf. 50
39- www.libertasmedia.com/alan/sirlar/vuc.html
40- www.libertasmedia.com/alan/sirlar/vuc.html
41- Ayten Sucu, Semra Bayar, Melahat Küpeli, Biyoloji Lise 2, MEB Devlet Kitapları, İstanbul 2000, sf. 26
42- Arthur C. Guyton, Tıbbi Fizyoloji, Cilt 1, 7. Basım, Nobel Tıp Kitabevi, sf. 84
43- Arthur C. Guyton, Tıbbi Fizyoloji, Cilt 1, 7. Basım, Nobel Tıp Kitabevi, sf. 83-84
44- http://www.hon.ch/Library/Theme/Allergy/Glossary/eosinophil.html
45- Arthur C. Guyton, John E. Hall, Tıbbi Fizyoloji, 9. Basım, Nobel Tıp Kitabevi, sf.437
46- Arthur C. Guyton, John E. Hall, Tıbbi Fizyoloji, 9. Basım, Nobel Tıp Kitabevi, sf.436-437
47- Bilim ve Teknik, Tübitak Yayınları, Şubat 1998, Sayı 363, sf. 65
48- Bilim ve Teknik, Tübitak Yayınları, Şubat 1998, Sayı 363, sf. 65
49- Bilim ve Teknik, Tübitak Yayınları, Şubat 1998, Sayı 363, sf. 65-66

Комментариев нет:

Отправить комментарий